Биз менен байланышыңыз

Ирак: Америка Иранга көз салууга уруксатыбызды сураган эмес

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 664 | 0

«Америка президенти Трамп Ирактагы аскердик базаларынын Иранга көз салып туруусу үчун бизден уруксат сураган эмес. Американын аскердик күчтөрү терроризмге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн келишимдин негизинде Иракта жайгашкан. Иранды көзөмөлдөө учүн эмес!».  Ирактын президенти Бархам Салихтин мындай билдирүүсүн Reuters агенттиги жазып чыкты.

Бугүн, 4-февралда Багдадда өткөн форумда журналисттердин: «CBS каналына Дональд Трамп Ирактагы аскердик базалары аркылуу өзгөчө кооптуу Иран мамлекетине көз салып, көзөмөлдөп турганы жөнүндө айткан сөзүнө кандай пикирдесиз?»,-деген суроосуна жооп берди. Анда президент Салих: «Албетте, Америка кубаттуу держава. Бирок өз саясий кызыкчылыгыңарды Ирак аркылуу ишке ашырууга аракеттенбегиле. Биз бул жерде жашайбыз жана Иран ж.б. коңшуларыбыз менен мамилебизди бузуу ниетибиз жок»,-деп билдирди.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп CBS каналына берген маегинде Ирактагы аскердик базаларды сактап туруу маанилүү экенин, анткени алар аркылуу олуттуу көйгөй жараткан Иранды көз салып, байкап туруу мүмкүнчүлүгү болорун айткан.

Эске салсак, Америкалык аскер күчтөрү 2011-жылы олкөдон чыгып, кайра 2014-жылы ИШИМ террордук тобу менен күрөшүү жүйөсү менне кирген. 2017-жылы өлкодо ИШИМди жеңгекнин жарыялашкан. Учурда 6 аймакта аскердик базасы жайгашып, Ирактын түндүк бөлүгүнө дагы эки база куруу каралууда. Багдад болсо америкалык күчтөрдү өлкөдөн акырындык менен чыгаруу чечимин кабыл алган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM