Биз менен байланышыңыз

2018-жылы бюджеттик план 95,7 пайызга аткарылды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 620 | 0

2018-жылы мамлекеттик бюджетке 135,4 млрд сом киреше түштү, бирок план боюнча 141,5 млрд сомго жетиши керек болчу. Бул тууралуу каржы министри Бактыгүл Жээнбаева Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын белгилешинче, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган.

Депутат Зиядин Жамалдинов алдын ала белгиленген план боюнча салык тармагында 2,3 млрд сомго, бажы тармагында 1,8 млрд сомго, трансфер боюнча 1,9 млрд сомго, мамлекеттик мүлк боюнча 200 млн сомго кем аткарылганын эске салып, бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты.

Вице-премьер-министр Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы сунушталганын белгилеп, аткаруу үчүн баардык аракеттер жасалганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM