Биз менен байланышыңыз

Президент 2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга кол койду

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 549 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана  2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзам менен Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн сом суммасында белгиленди.

Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM