Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.
Аталган Мыйзам менен Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн сом суммасында белгиленди.
Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.