Биз менен байланышыңыз

Өлкөнүн ички карызы эселеп өстү

Кыска кабар | 23 Фев 2020 | 674 | 0

2019-жылы республикалык бюджеттин чыгашалары 149 млрд 108,5 млн сомду түзгөн. Бул тууралуу маалымат жыйында каржы министринин орун басары – Борбордук казыналыктын директору Марлен Амандыков билдирди.

Ошондой эле, былтыр мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 28 млрд 122,7 млн сом сарпталды. Тышкы карызга 14 млрд 10,3 млн сом, ал эми ички карызга 14 млрд 112,4 млн сом сарпталган.

2019-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыз 4 миллиард 587 миллион 260 миң долларга жеткен. Мурдагы жылга салыштырмалуу мамлекеттик карыз ички карыздын эсебинен (көпчүлүк бөлүгү) 122 миллион 910 миң долларга өстү. Соңку жылдары Кыргызстандын ички карызы 4 эсеге жогорулаган. Акыркы жылы ички карыз дээрлик 98 миллионго жогорулап, 736,5 миллион долларга жеткен.

Ал эми сырткы карыздын көлөмү 25 миллион долларга көбөйүп, 3 миллиард 850 миллион 730 миң долларды түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM