Биз менен байланышыңыз

Президент Сергей Лавровду кабыл алды

Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 820 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

Мамлекет башчы жолугушууда Кыргызстан мүчөлүк кылган ЕАЭБ кызматташуунун жогорку этабына өткөнүн айтты. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы соода алмашуунун көлөмүнүн өскөнүн кубануу менен билдирди.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров президент Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик визитине байланыштуу келгенин айтты. Анда ал Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк мамилесин баалай тургандыгын белгиледи.

-Биз бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусунун алдында коюлган тапшырмаларды талкуулайбыз.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташууга байланыштуу маселелер талкууланып, быйыл Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган КМШ өлкө башчыларынын Кеңешинин жыйыны жана ЖККУнун отуруму тууралуу пикир алмашышты.

Copyright © 2017 Maral FM