Биз менен байланышыңыз

Сейрек кездешчү кар рулондору байкалды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Фев 2019 | 681 | 0

Англиянын Марлборо аймагында жаратылыштын өтө сейрек кубулуштарынан болгон кар рулондору кездешти. Бул тууралуу BBC түрк кызматы жазды.

Өзүнүн кар баскан эгин талаасынан рулондорду байкаган дыйкан Браян Байлис алгач аларды бирөөлөр жасаган деп ойлогон. Бирок тегеректе буттун издерин көрбөгөн соң оздөрү пайда болгонун түшүнүп, видео, сүрөткө тартып, интернетке жарыялаган.

Метеорологдордун айтымында мындай сейрек көрүнүш аба, шамал, жылуулук жана кардын түрү жана жер мейкиндиги сыяктуу бир нече факторлор айкалышканда гана пайда болот. Абанын табы нөл градуска жакындап, кардын үстүнкү бети жабышкак болгон чакта туура тараптан соккон шамал кардын үстүнкү бетин бөлүп алып айдайт. Тоголонуп, цилиндр формасына өткөн кар тобу шамалдын таасиринде барган сайын чоңоюп кете берет.

Өзгөчө сейрек көрүнүштү бир нече эл аралык басылмалар жарыялашкан.

Copyright © 2017 Maral FM