Биз менен байланышыңыз

«Республика – Ата Журт» фракциясы Саламаттыктык сактоо министрлигин сынга алды

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 546 | 0

Бүгүн, 1-февралда «Республика – Ата Журт» фракциясынын отурумунда Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгү сынга алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Депутат Умбеталы Кыдыралиев электрондук саламаттыкты сактоо тутумун киргизүү боюнча долбоор көп жылдан бери ишке ашпай жатканынын билгилеп, үстүбүздөгү жылга карата иш-чаралардын планы жоктугун жана бюджетте эсепке алынбагандыгын кошумчалады.

Ошондой эле эл өкүлү Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди күнүмдүк эле иштер менен алектенип жаткандыгына токтолду.

Ал эми депутат Сагындык Келдибаевдин айтуусу боюнча аталган министрликте кадрдык дайындоолордо Эмгек кодексиндеги ченемдер сакталбайт. Ошондой эле айрым дайындалган кадрлар мурда коррупцияга байланышы барлар же ар кандай эреже бузуулардан улам жоопкерчиликке тартылгандар болуп чыгууда.

Мындан сырткары эл өкүлдөрү контрафакттык дары-дармектерден, гранттык каражаттарды натыйжасыз пайдалануудан коргонуу механизмдеринин жоктугуна токтолушуп, милдетти медициналык  камсыздандыруу фондун министрлигине кошуу зарылдыгын айтышты.

 

Copyright © 2017 Maral FM