Биз менен байланышыңыз

Кытай АКШ менен соода согушунда чегинди

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 616 | 0

Пекин Вашингтон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн акыркы баскычында ортодогу соода-сатык алакасындагы теңсиздикти жоюуга макулдугун берди. Бул тууралуу Кытайдын Соода министрлиги кабарлаган.

Келишимге ылайык Кытай тарап америкалык айыл чарба продукцияларын жана энергоресурстарын импорттоого уруксат берет.

Бул сүйлөшүүлөрдүн башкы темасы эки тараптуу соода-сатыктагы тең салмактуулукту сактоо жана интеллектуалдык өндүрүштүн корголуусу болду. Ошондой эле тараптар мындан кийинки сүйлөшүүлөрдүн графигин да такташты.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп, эгер тараптар 1-мартка чейин соода-сатык келишимин түзө албаса, жаңы бажы алымдарын киргизерин эскерткен.

Эске салсак, планетанын эң кубаттуу эки экономикасына ээ Кытай менен Американын ортосундагы соода-сатык согушу өткөн жылы күч алып, 2018-жылдын ичинде эле Америка Кытайдын 200 млрд долларлык товарына санкция киргизсе, Пекин буга жооп кылып 112 млрд долларлык америкалык өндүрүшкө чектөө койду.

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өткөн саммитте эки тараптын лидерлери сүйлөшүп, 90 күн ичинде кошумча чектөө чараларын киргизбөө келишимине жетишишкен. Алардын кийинки жолугушуусу жакын арада болору кабарланууда.

Copyright © 2017 Maral FM