Биз менен байланышыңыз

Премьер-министр Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат

Кыска кабар | 1 Фев 2019 | 433 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына барды.

Өкмөт башчы кеңештин тар жана кеңири чөйрөдөгү жыйындарына катышат. Анда интеграциялык биримдиктин өлкөлөрүнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде Биримдиктин күн тартибиндеги санариптик долбоорлорду ишке ашыруу механизмдери, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өз ара соода абалы, алардын экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо чаралары талкууланат.

Мындан тышкары өкмөт башчы «Глобалдаштыруу доорундагы санариптик күн тартиби 2.0» Форумунун ишине катышмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM