Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Тоо-кен тармагындагы адистерди тарбиялашыбыз керек

Кыска кабар | 30 Янв 2019 | 536 | 0

Бүгүн, 30-январда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында  Президент Сооронбай Жээнбеков кен иштетүү боюнча кесипкөй иштермандарды даярдап чыгуу үчүн гранттар жана кредиттер менен камсыз кылуу керектигине токтолду. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдашты.

«Кен иштеткен алыскы аймактын мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жогорку билим алууга гранттарды, кредиттерди камсыз кылуу керек. Кыргызстан өндүрүштү жөнгө сала турган, жаңы технологияларды издеп тапкан кесипкөй иштермандарды даярдап, аларды тоо-кен казуу компаниялардын ишине тартуусу зарыл»,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ошондой эле тоо-кен өндүрүшү улуттук кызыкчылык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, 30-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда тоо-кен тармагындагы маселелер талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM