«Кыйкырык» саптарын окуп жаткан калемдешимдин кечесине 10 мүнөт гана олтуруп, чыгып кеткен күнүмдү эстедим бүгүн. Мындан 9-10-жыл мурун болгон. Ага чейин мен да атуулдук ыр жазчумун. Мени менен курбулаш кыздар лирикалык «Сүйүү» ырларын жаадырып, ыйлап, сооронуп жүргөндө мен жигиттер менен аралаш,
Мекенимдин каны чуркап тамырда,
Мекен үчүн күйүү аздыр жалынга.
Сенин жаныӊ сыздап турса, Ата-Журт,
Менде сыздайт сенден бүткөн кабырга,- деп жазганым бар. Мекен эмне экенин, күйүү эмне экенин, кабырганын сыздоосу эмне экенин билбей туруп эле күпүлдөгөн күндөр үчүн жогорудагыдай ырлар үчүн уялам азыр. Себеби биз поэзияга кыйкырып кирген муун болгондуктан бири-бирибизди туурап эле күпүлдөп, калп эле күйүп, адам болбой жатып адамдык туурасында сүйлөп, ыр окуп, анан өзүбүздү өллө акылдуу сезип жүрө бериптирбиз. Ошондо…
Ошол күн… Өзүмө окшош «кыйкырган» акынчалыштын кечесинде ыр угуп олтуруп, анын, анан өзүмдүн “куру челек” сыяктанган кебетемди көрүп кыжырым кайнаган. Кыргызда: “Куру челектин үнү катуу чыгат”, — деген сөз бар. Куру кыйкырык аралашкан ыр саптары кулагымды көзөп, өз сөзүнө өзү ишенбеген, жазганындай жашай албаган, жашаган чындыгын жаза албаган калемгер доорлошума, чала сабат өзүмө таарынып чыгып кеткеним ырас. Ал гана эмес ушул күнгө чейин ошол чыгармачыл чөйрөгө бара элекмин. Көптөн бери ыр уга элекмин. Себеби мага китеп ушуну үйрөттү.
«Китепти сен ачсаӊ, китеп сени ачат экен», — деп жазганым бар. Мага китеп келесоо экенимди моюндатты. Китептерди барактап, даамын сезип, китеп окуудагы өз табитим пайда болгондон бери менин жана менин муунумдагы калемгерлердин али билгенден биле элеги көп экенин билдим. Сократ, — Мен билбегенимди билдим, — деп айтыптыр деп калышчу эле. Мүмкүн ошого окшоштур бул оюм.
2000-жылы окууну аяктап, студенттик жылдарга анан адабият чөйрөсүнө кирген жаштар болдук биз. Негизи адабиятка улам кызык жаштардын толкуну келип турат. Биз кыйкырган, бакылдаган эгемен, жылаӊач баатыр кейиптенген акынчалыш болдук. Күпүлдөп, парктарда ыр окуп, апта сайын бир улуу акын-жазуучулардан, чыгармачыл тыӊ чыкмалардан сабак алган саамалыктарыбыз боло турган. Биз менен катар ондогон жаштар бар эле. Турмуш бизди туш тарапка калчады. Ар ким бул жашоодогу өз шыбагасы менен жашап жаткандыр. Арада кыялданып, илхом издеп гана жашайт окшойм деп жүрүп, турмуштун өгөй баласындай аракка, аялга, күйөөгө жеӊилип кеткендер бар. Бир кездеги ак көз, кара көз чыгармачыл чөйрөнүн амандыгы маанилүү деӊизчи. Бирок ошол жылдагы жоон топ адабиятка кирген жаштардын ичинен өзүн тапкандары, өзүнө-өзөгүнө кайткандары жерге түштү. Болгондо да мендей болуп, «ГҮП» деп катуу түштү. Буга да шүгүр кылалы. Себеби адам жерге түшкөндө жашай баштайт. Өзүн тааныганда Кудайын тааныйт. Кудайын тааныганда, Кудайды карап иш кылат. Кудайды карап иш кылганы адамча жашай баштаганы, адамча жаза баштаганы… Бул түрк аалымынын, — Адабиятчы адептүү болуш керек, — деген сөзү менен бир саам окшош. Негизгиси, адеби бар адам ашыкча эле «кыйкыргысы» келбей калат го кыязы…
Ал эми көбү анан калса биздин артыбыздан келе жаткан дагы көп калемгер жаштар мурункунун самтырак, самсалааган, эски күрмөсү менен келе атышат. Болгону алардын бизден айырмасы алар «ЛАЙКтарга» сүйүнүшөт… Социалдык тармакка жүктөлгөн «шедевр» саптарына жакшы деп басылган бир лайк үчүн сүйүнгөндөр кыргыз адабиятына, албетте, олуттуу жаӊычылдык кыла алышпайт. Мына ушул биздин кемчилигибиз.
Журналист: Жазгүл Жамангулова