Биз менен байланышыңыз

АКШ Венесуэланын мунай компаниясына санкция киргизди

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 661 | 0

АКШ бийлиги Венесуэланын ири мунай компаниясы PDVSA жана анын америкадагы филиалы Citgo компаниясына санкция киргизип, анын 7 млрд долларлык активин тоңдуруп койду. Муну менен Мадуронун режими чет өлкөдөгү мүлктөрүн өз кызыкчылыгына колдонуусуна тоскоол болууну көздөөдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Вашингтондун бул кадамын Венесуэланын президенти Николас Мадуро катуу сындап, «Бул уятсыз жана мыйзамсыз иш аракет. Мындай жол менен Америка Citgo компаниясын өзүнө чегерип алууну көздөөдө. Мен компанияга буга каршы чара көрүү тапшырмасын бердим. Биз мыйзам жолунда өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз»,-деди.

Ошондой эле ал АКШ мындай кадамга оппозиция лидери, өзүн убактылуу президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун көрсөтмөсү менен барганын кошумчалады.

Мадуро өткөн апта соңунда АКШ менен дипломатиялык мамилелерин үзгөнүн жарыялаган. Ал Америкадан кайткан дипломаттарын Ак үйдө тосуп, жолугушту. Кээ бир дипломаттарга оппозиция тарапка өтүүсү үчүн Америка акча сунуштаганын айткан президент Венесуэланын дипломаттары аны кабыл албаганын билдирди.

Эске салсак,  Хуан Гуайдону биринчилерден болуп президент деп тааныган АКШ Мадурону кулатуу үчүн ар түрдүү жардамды аябасын билдирген. Венесуэла мунай запасы абдан кенен өлкө. Ал дүйнөдө күйүүчү май эң арзан сатылган өлкө болуп саналат. Бирок мамлекет акыркы беш жылда болуп көрбөгөндөй гуманитардык кризиске батып, эли чет өлкөлөргө чыгып кетишти.

Copyright © 2017 Maral FM