Биз менен байланышыңыз

«Бийлик шайлоого кийлигишпесе, Кыргызстан мыкты мамлекет болмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 930 | 0

Бийлик шайлоого кийлигишпесе Кыргызстан мыкты мамлекет болмок. Мындай пикирин «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бийлик такыр кийлигишпей, шайлоолор таза өтүшү зарыл. Ошондо эл татыктууларды өзү тандап алат. Анткени эл дагы өлкөнүн өнүгүшүнө кызыктар.

«Эл партиялардын, адамдардын ишин бааласа, миң сомго алданбаса… Акча алып жүрүп Кыргызстанды сатып салабызбы? Бийликке тажрыйбалуу, иштерман, кесипкөй адамдар барышы керек. Бизнесмендер партияга киргендин ордуна жакшы юристтерди даярдаса, алар элдин кызыкчылыгын коргоп иштесе туура болмок. Азыр парламентте бизнесмендер отуруп жакшы иштей албаганы көрүнүп турат», — дейт Салымбеков.

Ал буга кошумча, өлкөдө премьер-министрди кызматтан алуу керек деген «оору» кайра башталганын белгилейт.

«Аларга мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Саясатка аралаштырып кадрлардын баарын чаап салдык. Мамлекеттик кызматка ар жерге портретин илдирүү үчүн барбаш керек. Өлкөнү өстүрөбүз десек саясатташтырбайлы. Тааныш-билиштиктен улам кадрдык кризис башталды. Муну өзгөртүү үчүн президент адилеттүү болуп туруп берсе, акыйкаттык жер-жерлерге тарайт. Кыргызстандын кенидирин кескен адамдарды, саясатты түшүнбөгөндөрдү ордуна коюу зарыл», — дейт Салымбеков.

Copyright © 2017 Maral FM