Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: «Дордой» доорун сүрө берет

Пикирлер | 29 Янв 2020 | 2116 | 0

Бул жолу ким менен маектешсек деп көпкө ойлондук. Анткени бизге бир эле багытта эмес, көп тармакта өз оюн айта билген каармандын болушу маанилүү эле. Соңунда «Дордой» ассоциациясын түптөгөн меценат, коомдук ишмер Аскар Салымбеков менен сүйлөшө турган болдук. 50 мүнөт ичинде Кыргызстандагы бизнес чөйрө, инвесторлорго болгон ишенбөөчүлүк, «Хоргозго» атаандашкан «Дордой» базарынын тагдыры, депутаттар жана 2020-жылдагы парламенттик шайлоо, кыргыз футболунун азыркы абалы жана келечеги тууралуу сукбатташтык.

-Нарындагы курула турган эркин экономикалык аймак же логистикалык борбор коомчулукта талкууга түштү. Бул тармак сизге аябагандай жакын.  Ишкер, бизнести түшүнгөн адам жана саясатты мыкты билген инсан катары сиздин бул долбоорго көз карашыңыз кандай?

— Биздин өлкөбүздүн кырдаалын карап көрсөк, эң башкы маселе экономиканы өнүктүрүү, жашоо-шарттарыбызды оңдойлу деген сөздүн тегерегинде болуп жатпайбы. Экономиканын тез, ыкчам жылбай жаткандыгы буга себеп болуп жатат. Экономика качан жылат? Тынч, стабилдүү, экономика биринчи орунга коюлган өлкөлөрдө саясатты, идеологияны жана социалдык маселелерди сүйрөөчү локомотив бул — экономика тармагы. Негизи, арабаны ат сүйрөш керек.  Биздин өлкөдө, тилекке каршы, арабабыз алдыда кетип бара жатат, башкача айтканда экономикадан мурун саясат биринчи маселеге чыгып жатканына күбө болуп келебиз. Ат-Башынын логистикалык борборунун тегерегинде окуялардын саясатташып кеткени байкалып турат. Экономиканы өндүрүү үчүн бардык өлкөлөргө инвестиция керек. Ички инвестициялар, ошондой эле тышкы инвестициялар жана түз инвестициялар деп коёт. Бизнесмен адамдар өзүнүн акчасы менен келип, ошол мамлекетке экономикалык проекттерге салымын кошуп иштей башташат. Ар бир бизнесмен жөнөкөй эле акчаны салып, андай кийин сапырып, пайдасыз иш кылбайт. Баары пайда көрөйүн деген жерге барышат. Инвестицияга Кытай, Америка, Россия сыяктуу башка чоң өлкөлөрдүн баары эле муктаж. Өнүккөн  өлкөлөргө да инвестиция керек, ал эми бизге ал сөзсүз керек. Мисалы, проекти салынат дегенге мен деле сүйүндүм. Инвестор ошончо акчасы менен келип, тобокелчилик кылып жатпайбы. Ушундан пайдаланып, элди ошол жерге иштетели, ошол жерге жумушчу орундарды түзөлү да. Мындан миграциянын санынын өсүшү да токтойт, салык жана башка көп маселелер чечилет. Казынабыз толсо, пенсия, айлык маяна, стипендия, пособия  деген маселелердин чечилишне шарт түзүлөт. Экономикада жылыш болбосо, ал эч качан көбөйбөйт. Баалар өсүп жатат, ошол нерсеге туруштук берүү үчүн күчтүү экономика болуш керек. “Кумтөр” окуясынан кийин элибиз кабатыр болуп, экологиянын бузулушу, коррупциялык маселелер жокпу деген маселелерди көтөрүп жатышат. Бул туура эле маселе. Ошол себептерден  улам кендер боюнча “Уранды” да токтоттук. Ат-Башыдагы жай ээн талаада эле, айыл-ападан алысыраак жерде, чек арадагы эркин экономикалык зона экен, салык льготалары бар экен деп инвесторлор келип жатат. Инвестор баарын айтып жатат, ички ишкерлерге эшик ачык, тышкы ишкерлер менен да сүйлөшүүлөр болуп, европалык мамлекеттер менен да сүйлөшүп, ошол жакка да заводдорду ачышты. Бизде Кыргызстанда чындыгын айтканда, электр энергиясы арзан, жумушчу орундарга айлык азыраак экенин моюнга алышыбыз керек. Мурун көпчүлүк өлкөлөр жумуш күчү арзан деп Кытайга жасатып келишкен. Ал эми азыркы күндө Кытай кызмат көрсөтүү кымбаттап кетти эле, инвесторлор Вьетнам, Шри-Ланка, Бангладеш сыяктуу мамлекеттерине кетип атат. Биз үчүн дагы жакшы шарт бар. Кен казган жок, келип иштеп, биздин экономиканы көтөрөйүн деп жатышат. Ал жерди көчүрүп кете албайт. Кытай келип тартып алат деген ой туура эмес. Биз көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсүбүз, коопсуздук маселеси каралган өзүнчө бир эгемендүү мамлекетпиз.  Дүйнөлүк келишимдердин баары бизде иштейт да. Инвесторлор келип , жумушчу орундары түзүлүп, казынабызды толтурса, бул эң эле жакшы нерсе болмок. Мен муну кош колдоп колдодум. Биз дагы убагында терминалды иштетели деп 50 000 $ суу чыгарганбыз. Маркум «Замандаштын» жетекчиси Муктар  Өмүракунов  тегерегин тоскон. Мен деле экономикабызга бир топ эле салымымды коштум. Анда да ишибизди саясатташтырышып, долбоор иштебей калбады. Ат-Башынын эли ошону иштетпей койдуңар эле, канчалаган  балдарыбыз, кыздарыбыз  азыр чет жерде иштеп жүрүшөт дейт. Мага телефон аркылуу Орусиядан ошол терминалды иштетсеңиздер, кайра келип, өз жерибизде иштейт элек деп балдарыбыз байланышып жатышат. Бир эле Нарындын эли эмес, бүтүндөй Кыргызстандын жарандары бул жерге келип иштесе болот. Элиме эч кабатыр болбой, инвесторлорго жакшы шарт түзүп берели деп кайрылат элем.

— Азыркы учурда Кыргызстандын экономикасында, элдин жумуш менен камсыз болушунда сиз ээлик кылган “Дордой” базарынын да орду чоң. Бул базардагы бүгүнкү кырдаал кандай?  Бир учурда Борбор Азияны дагы колго алып турду эле, бирок казактардын “Хоргос” базары ачылгандан кийин Дордойдо соода солгундай түштү деген сөздөр айтылып жүрөт.

— Убакыт өтөт, доор алмашат  экен. Санариптештирүү, IT технологиялары кирип, интернет аркылуу сатык жүргүзүү башталып, ошол аркылуу көп адамдар байып, миллионер болуп жатышат. Мына ошондой жаңы технологиялар чыгат экен. Атаандаштык да күчөйт экен.  Биздин “ Дордой” базарыбыз дүйнөнүн 10  чоң базарларынын катарына кирген.  Биз чыгыш эли бир нече кылымдардан бери эле базар менен келе жатабыз.  Мухаммед пайгамбар да соода менен алектенген адам болчу. Ал: “Ырыскы 10 жактан келет, 9у соода аркылуу келет» деп айткан. Анын бул сөзү биздин базардын кире беришинде  жазылып турат. Онлайн соодалар жүрө баштады, бирок биздин эл базарга келип, соода кылышып, сүйлөшүп, товардын баасын чыгарып, товарды өз колу менен кармап көрүп жана сезип алышат. Бул биздин менталитет, психологиябызда бар.  Ошондуктан биздин чыгышта базар ар дайым кала берет. Кээ бирөөлөр» “Дордой” базары өлгөнү калыптыр» деп да айтышкан. Дордойго барып көргүлө, басканга да орун калбай калат.  Сезондордо адамдар көп болуп, топтолуп калат.  “Хоргос” базарына да кетип атышат. Аларды кармай албайбыз.  Кыргызстанда 600 000дей адам соода менен алектенип, жан сактап жатышат.  Ошондуктан “Дордой” базарынын өзүнчө бир орду бар.  Базарыбызда маданияттуу соода болсун, шарттар жакшы түзүлсүн, жолдор оңдолсун, унаатоктотмолор көбөйсүн деп колубуздан келген аракетти кылып жатабыз. Жылуу контейнерлер жайгаштырылууда, быйыл жайында иштетилип баштайт.

— Өзүңүз да айтып калдыңыз, ушул санариптештирүү доорунда, онлайн соода да күчөп жатат. Ушул бизнестин тилин билген инсан катары жаңы тармакта да өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүздү жүргүзүп жатасызбы?

— Ушундай соодак-сатыкты жүргүзгөнгө топ түзгөнбүз. Программисттер атайын программа түзүп иштеп жатышат. Онлайн түрдө соода кылуу үчүн товар сапаттуу болушу керек. Буйрутма берген жерине туура жеткирүү керек, товар сүрөттөгүдөй болушу керек, убакытты да көзөмөлдөш керек. Көрсө, логистика деген өтө чоң илим экен. Бул тармак боюнча биздин өзүн ишин мыкты билген адистерибиз аз. Биз ушул жаңы ачкан университетке логистикалык факультет ачалы деп жатабыз. Логисттер кайсы фирмадан, кайсы материалдан, кандай тигилип, кантип бүктөлүп жайгашып жатканын, кандай унаага жүктөлүп жатат, кандай жетет, кайсыл базарга бара тургандыгынын баарын көзөмөлдөгөн адистер болушат. Тилекке каршы, бизде мындай адистерибиз аз экен. Мен кийим-кече тармагына байланыштуусун гана айттым. Бул нерсе башка тармактарга да маанилүү.

—  Кыргызстанда  мени таң калтырган статистика бар. Биз топ-10 байдын тизмесин карадык. Анын катарында мен сизди баса белгилегим келбейт, бирок көпчүлүк байлар саясатта активдүүлүгүн көрсөткөндөр. Кыргызстанда саясатка эч тиешең болбой туруп, көзгө басар бай болуу мүмкүнбү?

— Саясатка тиешеси жок болуш керек. Мамлекеттик чон кызмат ордуларында туруп, байып кетти деген сөздөр болот. Балким, алардын бизнеси бардыр, изилдеш керек.  Чиновник болуп жүрүп байып кетти дегенден алысмын. Эл билет.  Өзүнүн маңдай тери менен тапкан жаш ишкерлерибиз көбөйдү. 100$ менен баштаган азаматтарыбыз азыркы күндө бутуна туруп, чоң  бизнесмендерге айланып жатышат.  Мисалы, курулуш компаниялары да өтө жакшы жөндөп кетип жатышат. Университетти бүткөн балдар өз алдынча курулуш мекемелерин түзүп, жетектеп калышты. Азыркы күндө өзүңдүн аракетиң менен, билимиң менен гана көтөрүлсөң болот. Бизнеске көбүрөөк көңүлүн бургула деп кайрылат элем.  Анын да кыйынчылыгы көп. Ошонун баарынан өтүш керек.

— Элдин арасында чоң  бизнестер сөзсүз түрдө мыйзамдан сырткары дагы кайсы бир кыйыр түрдөгү колдоого муктаж деген стереотип бар. Ошондуктан бизнесмендердин депутат болуп келүүгө кызыкдар экендиги да коомчулукта айтылып жүрөт. Сиз бул тууралуу кандай ойдосуз?

— Шайлоо компаниясы  чоң каражаттарды талап кылат экен.  Рекламага, штабтарга ж.б. акча керек болот экен. Акча керек болгондо партиянын башчысы бизнесмендерди издей баштайт. Акчалуулар жардам бергиле, мынча бир суммадагы акча менен тизмеге киргизем дейт. Каражат аркылуу колунда барлар кирип тизмеге кирип, депутат болуп калды деген стереотип пайда болду. Чынында, биз жаш мамлекетпиз. Жолубузда бир топ кыйчалыштар болуп жатат. Башка мамлекеттер да ушул жолдон убагында өтүшкөн. Англия, Франция дагы биз баскан жолду баскан. Азыркы кезде өнүккөн Турция, Индия да бул жолду баскан. Парламентке өтө билимдүү, өзүнүн тармагын жакшы билген юристтер, экономисттер, саясатчылар, ораторлор чогулат.  Аларды байлар  каражат жагынан камсыздап жатышат. Бирок ушундай мыкты азаматтар келип жатышат.  Ошондой адамдарды жалдашып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргошот.  Өнүккөн мамлекеттерде бизнес күчтүү. Советтер союзундагы теңчиликти биздин эл талап кылып жатпайбы. Азыр биз башка доордо, капиталисттик формацияда жашап жатабыз. Ошол мыйзамдарга жараша жашашыбыз керек. Байлар жетим-жесирлерге, колунда жок адамдарга ж.б. муктаж адамдарга жардам берип турса, элдин байларга болгон көз карашы түзөлөт, өзгөрөт эле деп ойлойм.

— 2020-жылы быйыл парламенттик шайлоо өтөт. Сиздин партия жана өзүңүз бул шайлоодо талапкерлигиңизди көрсөтөсүзбү?

— Мен 2015-жылы күйбөдүмбү. Андан кийин көп деле парламентке келүү боюнча ой деле жок. “Эмгек” партиясы көп жерлерде иш жүргүзүп жатат.  Катышалы деген сөздөрдү айтып жатышат. Мен азыр бизнес менен эле алек болуп жатам.  Азыркы учурда  толук кандуу чече элекмин.  Айыл чарба багытында эт продукциясы жаатында иштеп жатам. Сүт тармагын карап көрсөк, Россия менен Казакстандын ишкерлери бул жаатта лидерликти алып коюптур. Эт заводун иштетиш үчүн сырьё керек, этке жарактуу мал керек.  Концепция түздүк, эт тармагын Кыргызстан боюнча селекция кылып, Нарын, Чүй , Балыкчыга эт комбинатын салып жатабыз. Чүйдө этке ылайыктуу  жакшы “Ангус”аттуу уйлар бар экен. Көлдө фермерлерибиз 1200 ангос уйларын багып башташыптыр.  Бул порода дүйнөдө жүзүндө эң жакшы эт берген уйлардын түрүнө кирет экен. Фермерлерибиз ушул уйларды өстүрүп, көбөйтүп анан ошол эт комбинатка байлап, өзүбүздүн ички базарларыбызга өткөргөнгө аракет жасайбыз. Андан ашканын Кытайга, Россияга, Казакстанга кетириш керек. Көрсө, биз этибизди өзүбүз эле жеп жатыптырбыз.  Ирандыктар гана алып кетишет  экен, ал эми биз өзүбүз да башка өлкөлөрдөн эт сатып алып жатыптырбыз. Этибиз туруп, башка жактан алып жатканыбыз туура эмес. Бул иштин концепциясы, биринчи үч облуска, андан кийин түштүктө жайылталы деп жатабыз.  Концепцияны түзүп, өкмөткө сунуштап, президентке да жеткирип, Балыкчынын эт комбинатын июнь айларында бүтүрүп, ишке киргизели де турган кезибиз. Экинчи багыт бул — гуманитардык багыт. Билим берүү жаатында азыркы санариптештирүүнү бизнес мектептерибизде ишке ашырып, Кыргызстандын жаш лидерлери деген өзүбүздүн курстарыбызды өркүндөтүп, университет ачтык.  Университетте медициналык факультет ачып, клиникаларды салып,түрктөрдүн системасына өткөрөлү деп жатабыз. Элибиз чет өлкөгө чыгып кылган операцияларды эки эсе кыскартып ,ушул жактан кылсак болот. Ошол жакка кеткен акча өзүбүзгө түшөт. Үч факультет ачалы деп жатабыз. Алар:

— Медицина;

— Санариптештирүү, IT, онлайн окутуулар;

— Логистика жана тил.

Англис тилин үчүнчү тил катары киргизишибиз керек. Башка тилдерди да үйрөнөлү, билели.

-Футбол темасына келсек. Ишкердик жөнүндө сөз кылгандай эле, сиздин активдүүлүгүңүз футбол тармагында да бар. Жадакалса, федерацияда да сиздин ордуңуз жогору. Футболго канча каражат бөлөсүз? Футболдук клубдар дүйнөдө чоң бизнестин бир түрү. Сиз “Дордой” футбол клубунун келечегин кандай көрүп турасыз? Бул сиздин меценаттыгыңыз менен эле уланабы же бара-бара  Кыргызстандын чөйрөсүндө да футболдук клубдар бизнеске айланабы?

— Туура айтып өттүң. Биздики бул жакта  меценаттык эле болуп жатат. Футболго болгон сүйүүбүз көп жылдардан бери уланып келе жатат.  Футбол дагы экономиканын күзгүсү.  Экономика күчтүү жерде спорт маселеси да өнүгөт. Мендей дагы спонсорлор бар. Ар кандай спорт чөйрөлөрүндө колдоо көргөзүп жатышат. Өнүгүү үчүн атаандаштык керек . Дагы футбол клубдарын салыш керек, көбөйтүш керек.

 -Аттуу-баштуу саясатчыларыбыз эрежесиз эр мушташты колдоп, ар кандай учурларда өздөрүнө  коргоочу дружина катарында колдонушат деген пикирлер бар. Сиз аксакал катары футбол тармагына чакырык таштасаңыз кандай болот? Келишеби?

— Келишет го. Былтыркы январда Азияда ойногондон кийин футбол деген Кыргызстанда бар турбайбы, күчтүү турбайбы дешип, биздин оюнга депутаттар,саясатчылар, өкмөттөн да келе башташты. Мектептин намысын коргогондон баштап өлкөбүздүн намысын коргогонго чейин көтөрүлүшөт. Намыс деген нерсе көп ийгиликтерге алып келет. Ар бир адамдын жүрөгүндө ушул сезим болсо, көп бийиктиктерге жетсе болот.

-Адамдар байлык, бийлик жана атак-даңк үчүн алдыга умтулуп жашайбыз. Сиз булардын баарына жеттиңиз. Азыр жашоодо түрткү берген, умтуулуңузга себеп болгон факторлор кайсылар?

-Менин кичинекей кезимден бери эле намыс деген сезимим күчтүү өрчүгөн. Ал түрдүү болушу мүмкүн. Үй-бүлөлүк намыс, мектептин намысы, айылыңдын жана башка ушул сыяктуу. Жашаган айылымдын намысын коргогондон баштап, республикалык деңгээлде өзүмдүн намысымды спорт аркылуу коргогом. Өзүбүздү башка өлкөлөргө салыштырууда да  аларда мындай-тигиндей деген ойлорду ойлоп, намыстанчум. Нарында иштеп жүргөндө да “Намыс” деген программа түзгөнбүз.  Кыргызстан үчүн да намыс көп бийиктиктерге жеткирет. Бул сезим ар бир адамдын жүрөгүндө болсо, көп нерсеге жетишет.

— Бизде «жуксун-жуксун» деген жакшы кеп бар эмеспи. Жаш ишкерлерге кандай кеңеш берер элеңиз?

— Биз менен иштешкендердин баары шүгүр, жакшы кетип жатат. Мага келип ыраазычылыктарын билдирип турушат. Ар бир адамды жакшы кабыл алабыз, жардам бергенге аракет кылабыз. Эң биринчи кеңешим — намыстуу, билимдүү болуш керек. Адам алдына койгон максаттарына умтулуп, баарына чыдап, кыйынчылыктарды жеңсе, көп ийгиликтер алдыда күтүп турарына ишенем.

-Маегиңизге рахмат.

Copyright © 2017 Maral FM