Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын калкы кескин азаюуда (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 1847 | 0

Түштүк Кореянын калкынын саны Кытай менен Япониянын калкы сыяктуу азаюуга карай бет алды. Өлкөнүн эли төрөлүүнүн азаюусунан улам картайып баратат. Бул темп менен кетсе жакынкы жылдарда өлкөнүн экономикасына олуттуу сокку урулуусу ыктымал.

Мунун башкы себеби катары адистер өлкөдө  жаштардын билим жана карьерага ыктап, мунун мамлекеттик артыкчылыктуу багыт катары каралганын аташат. Көпчүлүк аялдар турмуш куруунун ордуна карьера курууну өйдө көрүшөт. Ошол себептен корей аялдары эркектер менен бирдей шартта иштешет.

Экинчиден, жумушка кирүү жана жакшы маяна табуу атаандаштыгы болгон үчүн жаш жубайлар бутуна туруп, үй-жайлуу болгонго чейин балалуу болууну пландашпайт.

Өзгөчө соңку жылдары көңүл бурдурган жагдай-жаш бүлөлөр баланын ордуна күчүк багып алууну адат кылышууда. Мунун балага караганда оңой, жоопкерчилик талап кылбагандыгын белгилешет алар. Бул себептен Түштүк Кореянын өндүрүшүндө ит жана анын азыгын өндүрүү маанилүү орунду ээлеп баратат.

Буга дагы бир себеп катары 1970-жылдары башталган республика боюнча аз балалуу болуу саясатын атаса болот. Ага «Бир бала төрөп, сапаттуу  тарбияла!» деген ураан менен үндөшкөн.

Кошумчаласак, Түштүк Кореянын калкынын саны 51 млн. Учурдагы темп менен кетсе 2050-жылга 40 млн, ал эми 2100-жылы болсо 20 миллион гана адам каларын кулак кагыш кылышууда.

South Korea's 'fur babies'

Here's why some young South Korean couples are choosing to have pets over kids.

Опубликовано Al Jazeera English Суббота, 26 января 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM