Биз менен байланышыңыз

Венесуэла кризиси: Евробиримдик Мадурого 8 күн мөөнөт берди

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Янв 2019 | 663 | 0

Венесуэладагы саясий кризис туу чокусуна жетти. Эки башкаруу, жүз миңдеген митингчилер, өлкөдөн качкан чиновниктер жана инфляциянын өсүүсү өлкөнүн кептелген абалын даана көрсөтүп турат.

Өткөн жайда президенттик шайлоодо жеңип, январда гана кызматка киришүү антын берген Николас Мадуронун бийлигин оппозиция жана парламент таануудан баш тарткан. Негизги атаандаштарын түрмөгө каматып, шайлоого талапкерлигин каттатпай же добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалап өткөнүн айткан парламент өзүнүн спикери Хуан Гуайдону убактылуу президент деп жарыялады.

Мындай чечимди АКШ, Канада баш болгон Түндүк жана Латын Американын өлкөлөрү кабыл алып, Хуан Гуайдонун президенттигин таанышты.

Ал эми Евробиримдик Мадурого кезексиз шайлоону дайындоо үчүн сегиз күн берип, болбосо Гуайдону президент катары кабыл аларын эскертишти. Болгону Орусия, Туркия, Кытай жана Мексика Мадурону колдоп турат.

Мадуро болсо биринчи кезекте күч түзүмдөрүн жанында кармоого аракет кылууда. Анткени өзгөчө макамы бар армия акыркы 25 жылда үч жолу төңкөрүш жасаган.

Эске салсак, Венесуэла инфляциянын денгээли боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ошондой эле өлкөдө адамдардын негизги муктаждыгы болгон азыктар жетишсиз болгон  үчүн ачарчылык кадимкидей өмүрлөрдү алууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM