Биз менен байланышыңыз

АКШ өкмөтү кайрадан иштей баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 520 | 0

АКШнын президенти Дональд Трамп «шатдаунду» убактылуу токтоууга макул болуп, өкмөт өлкө тарыхындагы эң узак 35 күндүк иш таштоосун соңуна чыгарды. Бул тууралуу америкалык басылмалар жарыялашты.

Трамптын Ак үйдүн бакчасынан туруп билдиргенине карганда өкмөттү каржылоо макулдашуусу 15-февралга чейин гана күчүндө болот. Ошондой эле ал «таң калычтуу мекенчил» деп атаган министрликтердин кызматкерлери «шатдаун» мезгилиндеги маяналарын да толук бойдон алышарын белгиледи.

Амекриканын конгрессинен кабарлашкандай бул чечим Мексика менен чек арага курулчу дубалга кандайдыр бир каражаттын бөлүнүүсүнө макулдук берилди дегенди билдирбейт.

Трамп буга чейин өзгөчө кырдаал киргизүү пикиринен баш тартканын айтып, мындай чара дубалга каражат бөлүүгө аргасыз кылганы менен укуктук кризиске жол ачып коюусу ыктымал экенин белгиледи.

«Бирок, парламент менен 15-февралга чейин оңдуу келишимге келе албасак өкмөт кайрадан ишин токтотуп, мен Конституция берген ыйгарым укугумду пайдаланып, өзгөчө кырдаал киргизүүгө аргасыз болом»,-деди ал.

Эске салсак,  президент Дональд Трамп Мексика менен чек арага бетон дубал өрүүнү сунуштаган. Мыйзамсыз миграция жана маңзат бизнесинин алдын алуу үчүн зарыл деген дубалдын курулушуна бөлүнчү 5,7 млрд долларды камтыбаган эч бир бюджеттин долбооруна кол койбосун билдирген болчу.

Бирок оппозициялык Демократтар партиясы устөмдүк кылган конгресс мындай маанисиз дубал үчүн олчойгон каражатты бөлүүнү кескин четке кагып келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM