Биз менен байланышыңыз

Бишкек ЖЭБ кайрадан көйгөйгө кабылды

Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 647 | 0

Бишкек жылуулук электр борборунда кайрадан мүчүлүштүктөр ортого чыкты. Борбордо тармактык суу менен камсыз болуучу түтүктөрдө көйгөй жаралды. Бул тууралуу «Электр станциялары» мекемесинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ шаардын бир катар кичи райондорунда жылуулук өчүп калган. Буга байланыштуу оңдоо иштери жүрүп, бүгүн шаарда жылуу суу берүү кечки 21:00 гө чейин үзгүлтүккө учурайт. Борбордун түндүк тарабында суу өчүп, түштүк бөлүгүндө жылуулук азаят.

Мындай мүчүлүштүк өткөн жылы жылуулук борборун модернзациялаган учурда кеткен. Атайын комиссия маселени көзөмөлгө алып, текшерүү иштери жүрүүдө.

Эске салсак, туура бир жыл мурда, 2018-жылдын 26-январында катуу суукта борбор калаа жылуулуксуз калган. Буга Бишкек ЖЭБиндеги ири авария себеп болуп, буга байланыштуу бир нече жооптуу кишилерге кылмыш иши козголгон.

Copyright © 2017 Maral FM