Биз менен байланышыңыз

Орусинын жалданма күчтөрү Мадурону колдоо үчүн Венесуэлага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Янв 2019 | 455 | 0

Орусиядагы жеке аскердик компания «ЧВК Вагнеранын»  жалданма куралдуу күчтөрүнөн 400 кызматкер Венесуэлага жиберилди. Алар парламент жана бир катар өлкөлөр расмийлигин тааныбай жаткан президент Николас Мадуронун режимин колдоо үчүн жиберилди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, аталган согушкерлер Орусиянын атынан Сирияда жана Украинадагы конфликттерге катышып жүрүшкөн. Алар төрт учак менен алгач Кубага, ал жерден Венесуэлага өтүшкөн.

Бул маалыматты Кремль тастыктаган жок. Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Песков мындай маалыматтан кабары жок экенин билдирген. Бирок маалымат булактары согушкерлердин Орусиядан эмес, алар кызмат өтөп жүргөн учүнчү мамлекеттен учканын кабарлашты.

Эске салсак, Латын Америкасындагы Венесуэла өлкөсүнүн беш жылдан берки президенти Николас Мадурого каршы жүз миңдеген эл наарачылык акцияларына чыгышып, парламенттин спикери, оппозиция мүчөсү 35 жаштагы Хуан Гуайдону убактыгуу президент деп жарыялашты. Гуайдонун бийлигин АКШ баш болгон бир катар америкалык мамлекеттер тааныды. Ага Орусия, Кытай жана Куба сыяктуу өлкөлөрдүн бийлиги каршы чыгып, расмий президент деп Мадурону гана кабыл аларын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM