Биз менен байланышыңыз

Сүйүнчү пул берүүнүн жол-жобосу өзгөрөт

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 884 | 0

Чүй облусунда   жаңы төрөлгөн балдарга сүйүнчү пул берүүнүн жаңы механизми сыноо түрүндө текшерилип жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык сүйүнчү пул алуу үчүн арыз электрондук байланыш аркылуу түз эле Мамлекеттик каттоо кызматынан Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине өткөрүлүп берилет. Мурдагыдай райондук жана шаардык башкаруу органдары катышпайт.

Жаңы долбоор боюнча сүйүнчү пул алуучулар өздөрү тандаган банктын баардык филиалдарынан каалаган убакта ала алышат.

Бул долбоордун максаты арыз берүүдө ар түрдүү ката кетирүүнүн алдын алуу. Ошондой эле кыска убакытта алууга мүмкүнчүлүк түзүү.

Сүйүнчү пул алуу үчүн жарандар бала төрөлүп Мамлекеттик каттоо кызматына катталгандан кийин гана кайрылса болот.

Мындай пилоттук долбоор Сокулук жана Аламидин райондорунда 31-мартка чейин текшерилмекчи.

Ушул тапта арыздар   Мамлекеттик нике каттоо бөлүмүнүн (ЗАГС), калкты тейлөө борборунун (ЦОН) жана Мамлекеттик каттоо кызматынын 444  түйүнүндө кабыл алынып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM