Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев:“Жалал-Абад” аэропорту мыйзамсыз иштөөдө

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 929 | 0

“Жалал-Абад” аэропорту шаардын башкы планында көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев билдирди.

Фракция лидери Жалал-Абад шаарынын башкы планында “Жалал-Абад” аэропортунун көрсөтүлбөгөнүн айтып, бирок ошого карабай Советтер Союзунун убагында курулганын белгилейт. Ошондой эле 30 жылдан бери курулуш иштери жалаң гана Бишкек шаарында жүрүп, аталган шаарда аэропортун айынан көп кабаттуу үйлөр курулбай жатканын баса белгиледи.

Мындан тышкары 2018-2040-жылдарга карата өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында транспорт министрлигинин стратегиялык планы жоктугун сынга алды.

Эл өкүлү сөзүнүн аягында шаар калкы үчүн аэропортко караганда, көп кабатуу турак үйлөр маанилүү экенин да белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM