Биз менен байланышыңыз

Сары кемселчендер Франциянын казынасына 0,5 млрд евро зыян алып келишти

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 608 | 0

Францияда 2018-жылдын соңунда башталып, жаңы жылда да уланып келе жаткан «сары кемселчендер» митингдеринин катышуучулары унаа жолдордогу көзөмөл камераларын талкалап кетишкен. Бул Франциянын казынасына жарым миллиард евродон ашык чыгым алып келди. Бул тууралуу Le Parisien басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кээ бир чоң шаарлардагы камералардын 90 пайыздан ашыгы иштен чыккан. Аларды кайра коюп, кээ бирин оңдоп-түзөө иштери 550 млн еврону чапчыды. Алар көзөмөл «сакчыларын» сындырып, боеп, жараксыз абалга келтиришкен. Муну алар жаңы кирген жол кыймылы коопсуздугу боюнча мыйзамдарга каршылык билдирүү максатында жасашкан. Жаңы тартип боюнча максималдуу ылдамдык саатына 90 кмден 80 кмге тушүрүлдү. Нааразы болгондор бул эреже карапайым калктын чөнтөгүн кагып алууга гана багытталганын, «чоңдорго» иштебей турганын айтышууда.

Эске салсак, Франциядагы «сары кемселчендердин» алгачкы нааразылык акциялары 17-ноябрда башталып, алар январдан тарта көтөрүлүүсү күтүлгөн бензин баасы жана салыгына каршы чыгышкан. Акция кеңейип олтуруп башкача талаптарга өтүп кетти. Ага катышкандардын саны 280 миңге чейин жетти. Француз бийлиги бензин наркын көтөрүүдөн баш тартууга аргасыз болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM