Биз менен байланышыңыз

Ак калпакка статус берүү боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 827 | 0

Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу депутат Экмат Байпакбаев  Жогорку Кеңештин расмий сайты маалымдайт.

Мыйзам долбоорунда ак калпакты мазактоого жол бергендерге мыйзам чегинде чара көрүүнүн негиздери камтылган. Ошондой эле ак калпакты даңазалоонун укуктук базасын түзүүгө, аны өлкөнүн маданий символу катары калыптандырууга басым жасалат.

“Ушул мыйзам долбоорунда камтылган механизимдер Бузуулар жөнүндөгү кодекси аркылуу дагы бекемделет. Ошондуктан улуттук баш кийим болгон ак калпакты, же анын сүрөтүн мазактоого тете коомдук адеп-ахлакка доо келтирүү боюнча жасалган аракеттер 1-категориядагы айып пул салууга алып келет, — деди эл өкүлү.

Мыйзам бузууларды кароо ыйгарым укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тапшырылары белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM