Биз менен байланышыңыз

Ак калпак күнүнө карата китеп-сүрөт көргөзмөсү өтөт

Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 908 | 0

5-мартта Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада “Ак калпак жана улуттук кийим – улуттун жүзү” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана поэзия кечеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, студенттер, окурмандар катышат.

Кошумчалай кетсек, эртең, 5-март Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленет. Бул күн 2011-жылы кинорежиссёр Рысбек Жабиров тарабынан демилгеленип, ар жылы 5-мартта белгиленип келет. Демилгечилер муну улуттук сыймыкты, мекенчил сезимди өрчүтүү максатында көтөрүп чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM