Биз менен байланышыңыз

Зулпукаров: ак калпакка ак элечекти да кошуу зарыл

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 764 | 0

Депутат Төрөбай Зулпукаров ак калпакка улуттук маданий символ статусун берүү долбоорунун демилгечилерине, элечекти да аялдардын улуттук баш кийими катары кошуу зарыл экендигин сунуштады.

Ошондой эле Зулпукаров ак калпакты элечексиз элестетүүгө мүмкүн эмес экендигин билдирди.

Депутат Эльвира Сурабалдиева кесиптешин колдоп, гендердик теңдикти эске салды.

Эске салсак, бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште ак калпакка улуттук маданий символ статусун берүү долбоору каралды. Долбоордун демилгечилери Экмат Байбакпаев жана Бакирдин Субанбеков болуп эсептелинет.

 

Copyright © 2017 Maral FM