Биз менен байланышыңыз

Элечекчен энелер жүрүш жасады (фото)

Блог , Кыска кабар | 22 Окт 2020 | 2283 | 0

Бүгүн, 22-октябрда Кыргызстанда «Элечек жумалыгы — 2020» иш-чарасы башталды. Акцияда алгач «Оймок Арт» улуттук кийим студиясында элечекти кантип туура салынуунун жол-жобосу түшүндүрүлүп, андан соң Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынан «Ала Тоо» аянтына карай жөө жүрүш менен уланды.

Уюштуруучу Айжан Акылбекованын айтымында, мындай жумалык үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат.

— Саамалыктын максаты — улуттук баш кийим болгон элечекти күнүмдүк жашоого алып келип алсак деген ой. Биз бул элечектерди жеңилирээк кылып оройбуз, мурдагыдай 18-50 метр эмес. Азыр 10-14 метрден. Дагы бир жакшы жагы — ээк алгычын өзүнчө кылып койдук, айымдар ар кандай косметикалык каражаттарды колдонушкандыктан, жууп кийгенге абдан ыңгайлуу. Элечектин тарыхында ээк алгычты элечектин өзүнөн чыгарып орогон, анткени ал кезде ар бир айым элечек орогонду билген. Азыр тилекке каршы, баары эле билбей жатат, буйруса ал учурга да келебиз. Ошондуктан ыңгайлуу кылып ээк алгычты өз алдынча, элечекти өз алдынча кылып коебуз, — деди Акылбекова.

Акылбекова ошондой эле быйылкы элечек жумалыгы өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бир нече ирет жылдырылып, бирок ага карабай өткөрүлүп жатканын, кыргыз айымдарынын ар биринин гардеробунда бирден элечек болсо деп кыялдана турганын айтты.

— Жумалыкка 35 аял катышып жатат. Биз аларга элечек ороп беребиз жана аны ошол бойдон белек кылабыз. Элечекти гана бекер беребиз. Калган кийимдерин өздөрү элечек менен айкалыштырып, бир жума бою башынан түшүрбөй салынып жүрүшөт. Бул — элечек долбоорунун катышуучуларынын улуттук кийимди жайылтууга кошкон салымы деп түшүнөм, — деди Акылбекова.

Иш-чарага ар кыл тармактын өкүлдөрү катышууда. Алардын бири — Аялдарды өнүктүрүү  боюнча тренер Нагима Субанкулова элечек жумалыгына биринчи жолу келген.

— Элечекти күнүнмдүк турмушка ооштуруу максатында болуп жатат. Биз азыр ар кандай кийимдерди кийип жүрөбүз. Күнүмдүк турмушта салынсак болобу? Кышта жылуу, жайда салкын. Бир жума салынып көрөбүз, андан кийин жакса, ар дайым салынып жүрүүгө аракет кылабыз. Каалоочуларга сунуштайм, мага абдан жакты, — деди Субанкулова.

Катышуучулардын  дагы бири Индира Мукамбетова элечек жумалыгына катышканына бактылуу болуп жатканын айтып, анын аурасы таптакыр башкача экенин белгиледи.

— Биринчи жолу жумалыкка катышып жатам. Элечектин аурасы таптакыр башкача экен. Боюңду түз алып жүрөт экенсиң. Элдин баарынын көңүлү сага бурулат экен, ошондуктан журүм-турумуңа да көз салышың керек болот экен. Элечек салынган мага жакты, өзүмө дагы эки-үч элечек жасаткым келип жатат, — деди Мукамбетова.

Жумалыкка Бишкек шаарынан, Ош облусунун Кара-Суу районунан, Баткен облусунун Лейлек районунан, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан, Жети-Өгүз районунан, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан жана Москвадан бир айым, Абу-Даби шаарынан эки айым катышмакчы.

Фото: Айпери Жумабай кызы

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM