Биз менен байланышыңыз

Ак калпакты кордогондорго айып пул салуу маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 1 Ноя 2018 | 881 | 0

Ак калпакка одоно мамиле кылуу тууралуу мыйзам долбоору кайрадан талкууга алынды. Бул тууралуу депутат Экмат Байпакпаев парламент жыйынында билдирди.

Улуттук баш кийим болгон ак калпакка маданий символ катары статус берүү сунушталды. Калпакка одоно мамиле кылгандар үчүн жеке адамдарга 1000 сом, ал эми юридикалык жактарга 5 миң сом айып пул салуу маселеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, мындай демилгени Эмил Байпакпаев алгач ушул жылы апрель айында да көтөрүп чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM