Биз менен байланышыңыз

Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди (видео)

Кыска кабар | 13 Дек 2019 | 893 | 0

Кыргыздардын улуттук баш кийими ак калпак, аны жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди. Мындай окуя кечээ Колумбиянын Богота шаарында аталган уюмдун комитетинин мамлекеттер аралык заттык эмес маданий мурастарды сактоо сессиясында болгон. Бул тууралуу «Кийиз дүйнө» коомдук фонду Instagram баракчасына жазып, фото, видеолорду жайгаштырды.
Сессиянын алкагында «Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты» номинациясы маданий мурастардын тизмесине өткөн.

ЮНЕСКО — билим берүү, илим жана маданият жаатында иш алып барган Бириккен Улуттар Уюмунун адистешкен мекемеси. 1992-жылы негизделген. 1997-жылдан тарта жалпы адамзат үчүн баалуу деп эсептелген табигый жана колдон чыккан объектилерди аныктоо боюнча иш жүргүзүп келет. 2003-жылдан баштап уюм ар кыл маданияттын материалдык эмес мурасын сактоо жаатында иш алып барат.

Copyright © 2017 Maral FM