Биз менен байланышыңыз

ЮНЕСКО менен Кыргызстандын кызматташуусу кеңейтилет

Кыска кабар | 22 Ноя 2019 | 503 | 0

Кыргызстан менен эл аралык ЮНЕСКО уюмунун ортосундагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкууланды. Мындай талкуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен ЮНЕСКОнун Башкы директору Одрэ Азуле айымдын жолугушуусунда айтылды. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Тараптар кечээ Париж шаарында ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында жолугушкан. Анда делегациясынын ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 40-сессиясына катышуусунун жыйынтыктары тууралуу сөз болгон. Ошондой эле Уюмдун ишмердүүлүк багыттарынын бардык спектри боюнча Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Талкууда маданий мурасты сактоо, билим берүүнү, маданияттар ортосундагы диалогду, курчап турган чөйрөнү коргоону өнүктүрүү жана Борбор Азиядагы суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу сыяктуу ишмердүүлүк багыттары айтылган.

Башкы директор Кыргыз Республикасын ЮНЕСКОнун жетектөөчү органына шайлануусу менен куттуктады жана Уюмдун Аткаруучу кеңешинин ишинде ийгиликтерди каалады.  Өз кезегинде Айдарбеков, климаттын глобалдуу өзгөрүүсүнө жана экосистеманын, бүткүл дүйнөлүк маданий жана жаратылыш мурасынын бүтүндүгү үчүн анын катастрофалык кесепеттерине байланышкан маселелерди чечүү — Аткаруучу кеңештин мүчөсү катары Кыргыз Республикасы үчүн башкы приоритеттердин бири болуп каларын белгиледи, — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстандагы ЮНЕСКО тоо чокусуна чыгуу үчүн экспедиция уюштуруу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле ЮНЕСКОнун патронатынын астында башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелери боюнча пикир алмашышкан.

Маалымат үчүн: Бийиктиги 5063 м. ЮНЕСКО тоо чокусу Борбордук Тянь-Шандагы Сары-Жаз тоо кыркасында жайгашкан, ал азыркы учурда 2006-жылы ЮНЕСКОнун урматына аталган дүйнөдөгү жападан жалгыз тоо болуп саналат.

Министр Айдарбеков ЮНЕСКОнун Кыргызстанга көмөк көрсөтүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, көп жылдык үзүрлүү кызматташтыкты позитивдүү баалады жана Кыргыз Республикасы менен ЮНЕСКОнун ортосундагы өз ара аракеттенүү мындан ары да бекемделе берет деген ишеничин билдирген. Жолугушууга ошондой эле өлкөнүн Маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов катышкан.

Copyright © 2017 Maral FM