Биз менен байланышыңыз

Путин менен Эрдоган Москвада жолугушат

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 583 | 0

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бүгүн Москвага иш сапары менен келип, президент Владимир Путин менен сүйлөшүү өткөрөт. Бул тууралуу эки тараптын маалымат кызматтары билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттер Сириядагы акыркы абал, Америка күчтөрүнүн аймактан чыгышы жана коопсуз аймак түзүү маселелерин сүйлөшүшөт.

Сирия маселеси боюнча Эрдоган менен Путин 2018-жылдын эсебинен 7 жолу эки тараптуу сүйлөшүүдө жолугушуп, 6 жолу эл аралык саммитте бирге болуп, 18 жолу телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Мындан сырткары алар эки тараптуу кызматташтык, соода-экономикалык мамилелерди да карашат.

Эске салсак, Сириядагы согуш башталгандан бери өз позициясын бир да жолу өзгөртпөгөн Орусия бийлиги Асаддын режимин тааныйт. Ал эми Түркия андагы оппозициялык күчтөрдү колдогону менен алар ачык жана көмүскө террордук топтор менен биригип аракет кылганы үчүн ара жолдо калып жатты. Мындан сырткары түркиянын Сириядагы негизги бутасы Асад эмес, андагы  күрд аскердик топтору болууда. Эки мамлекет бир пикирге келип, өткөн жылы Идлиб аймагында куралсыздандырылган аймак түзүп, жай тургундардын коопсуздугу бир топ сакталган.

Copyright © 2017 Maral FM