Биз менен байланышыңыз

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзам өзгөртүлдү

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 704 | 0

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү  киргизилди. .Бул тууралуу  мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун   аппараттан маалымдашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Мындагы максат «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын ченемдериндеги карама-каршылыктарды, кемчиликтерди жана боштуктарды жокко чыгарууну көздөйт.

Ошондой эле мыйзам Евразия Экономикалык Биримдигинин укуктук ченемдик актылары менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына шайкеш келтирүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Copyright © 2017 Maral FM