Биз менен байланышыңыз

Парламенттик комитет Индиядагы элчилик кызматка Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 528 | 0

Парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитети Кыргызстандын Индиядагы элчилик кызматына Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, депутаттар бир добуштан колдошту.

Асеин Исаев 55 жашта. Ал Урал мамлекеттик университетин жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, философия илимдеринин кандидаты.

Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландыдагы, Люксембургдагы, Франциядагы элчиси, Кыргызстандын НАТО жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп келген.

Copyright © 2017 Maral FM