Биз менен байланышыңыз

Франция-Италия: Африканы ким курутуп жатат?

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 759 | 0

Италиянын вице-премьер-министри Луиджи Ди Майо Африкадагы ачарчылык жана эмммиграцияга Францияны күнөөлөдү.

«Бүгүн адамдар мекенин таштап, Европага качып, деңизге чөгүп өлүп жатышса, буга биринчи кезекте Франция жооптуу. Анткени алар ондогон Африка өлкөсүн узак убакыттан бери талап-тоноосун улантып келет. Евробиримдик бул сыяктуу Африканы жакырлаштырып, өлкөлөрүнөн качууга мажбур кылгандарга санкция киргизүүсү керек. Африкалыктар Жер ортолук деңизинин түбүндө эмес, Африкада болуулары шарт»,-деди ал.

Буга жооп кылып Италиянын Франциядагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырып, эскертүү нотасы берилди.

Өткөн аптада Жер ортолук деңизинде аңтарылып кеткен кемеден 170 мигранттын каза болгонуна байланыштуу БУУ билдирүү жасаган. Ал эми Италия менен Франция буга чейин да мигранттар маселеси боюнча пикир келишпестиктерге дуушар болушкан. Өзгөчө Италия өлкөсүндө жетиштүү мигранттын бар экенин жүйө кылып, мигранттарга портторун ачпай келет.

Эске салсак,  өткөн кылымда  Африканын бир канча мамлекети Франциянын колониясы болуп турган. Аймактын жер байлыктары жана адам күчтөрү алигүнчө Франциянын пайдасына колдонулуп жатканы тууралуу айыңдар көп айтылып келет. Африкалык 14 мамлекеттин акча бирдигин Франция басып чыгарат.

 

Copyright © 2017 Maral FM