Биз менен байланышыңыз

«Түндүкэлектр» былтыр 8 млрд сомдон ашык каражат чогулткан

Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 631 | 0

2018-жылы “Түндүкэлектр” ишканасынын бөлүштүрүү тармагына 6 млрд. 186 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу 276 млн кВт. саатка көбүрөөк болгон. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКнан маалымдашты. Ага ылайык, өткөн жылы бөлүштүрүлгөн электр кубатынын наркы 8 млрд. 18 млн. сомду түзүп, анын 8 млрд 88 млн сому чогултулган.

2018-жылы калк арасында төлөм чогултуу 101,8 пайызга аткарылган.

Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактарда төлөм чогултуу өткөн жыл боюнча төмөндөгүдөй:
Бишкекте төлөм чогултуу 101,8 пайыз,
Чүй облусунда – 99,6 пайыз,
Талас облусунда – 102,2 пайызды түздү.

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы жоготуулар 12,38 пайызды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 0,27 пайызга кыскарган.

Copyright © 2017 Maral FM