Биз менен байланышыңыз

Трамптын сунушу Американы кризистен куткарабы?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2019 | 632 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп бир айдан бери уланып келе жаткан өкмөт кризисин чечүү үчүн жаңы сунуштарды киргизди. Бул тууралуу Ак уйдүн маалымат кызматы жарыялады.

Ага ылайык, эгер парламент Мексика менен чек арага дубал өрүү үчун кошумча 5,7 миллиард долларды бөлсө, ал өзүнүн эки жарлыгынан баш тартат. Биринчиси, Америкага ата-энеси менен мыйзамсыз жол аркылуу кирген кезде жашы жете элек болгон мигранттарды өлкөдөн чыгарбай, дагы үч жыл өлкөдө иштөөсүнө уруксат берүү. Мындай жол менен Америкада жүргөндөрдүн саны 700 миңге жетет.

Экинчиси, өз мамлекеттериндеги согуш, ачкачылык сыяктуу коркунучтардан качып келген 300 миңдей мигрантка да жарандыгы жок үч жылга чейин жашап, иштөөгө уруксат берүү.

Трамптын бул сунушуна оппозициялык Демократтар партиясы макулдук беришкен жок. Алар барыбир олчойгон каражатка мааниси жок дубалды өрүүгө каршылыгын билдиришти.

Эске салсак, Американын Мексика менен чектешкен түштүк чек арасы мыйзамсыз мигранттар менен баңгизат соодасынын негизги кан жолу болуп саналат. Буга каршы президент Дональд Тармп чек арага бетон дубал өрүүнү убадалаган. Ал үчүн парламенттен 5,7 млрд доллар кошумча каражат сурган менен парламент кабыл алган жок. Мунун айынан 2019-жылдын бюджети бекитилбей, бир катар министрликтер иштебей, 800 миңге чукул мамлекеттик кызматкер маяна албай жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM