Биз менен байланышыңыз

Тиричилик техникаларына кыргыз тилинде команда бериле баштайт

Коом | 18 Янв 2019 | 699 | 0

Санариптик трасформациянын алкагында инновациялык долбоорлор коомчулукка тааныштырылды.

Мамлекеттик тил комиссиясы менен биргеликте иштеп чыккан долбоорубузду таанытуу максатында келдик. Анын негизги маңызы толугу менен кыргыз тилинде сүйлөй турган жасалма интеллект болуп эсептелет. Буюрса 10 жылдын ичинде сиздин ашканаңыздагы микротолкундуу мешиңизге же муздаткычыңызга кыргыз тилинде команда бере баштайсыз. «Муну ысык, муну муздат»-деген командаларды аткарып калат. Буга бүгүн атайын платформа даярдап жатабыз. Алыда товарды өндүргөн компанияларга дагы сунуштап калабыз.

2023-жылы үйүңүздөгү тиричилик техникаларына кыргыз тилинде команда берип жумуш жасата баштайсыз. Ал үн же текст аркылуу ишке ашат. Бүгүн бул долбоордун биринчи этабы аяктап, даярдалган программа текстти үнгө которууда.  Бул тууралуу «Марал» радиосуна «Улутсофф» компаниясынын өкүлү Мирбек Окенов айтты.

Мындан башка да санариптик технологиянын жардамы астында ишке аша турган долбоорлор Борбор Азиядагы Америка университетинде коомчулукка тааныштырылды. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгү мамлекеттик башкаруудагы инновациялык долбоорлор. «Инфоком» ишканасы мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү базасын ишке киргизүүдө. Азыр пилоттук негизде 3 органда иштеп жатат. Ал үстүбүздөгү жылы толук аяктайт.

Ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жол эрежесин бузган айдоочу жана жөө  адамдарды аныктай турган система ишке кирет. Ал эми 2023-жылга чейин пландалган жумуштун тизмесин президенттин кеңешчиси Дастан Догоев тааныштырды.

Өкмөттүн демилгеси менен санариптик борборду жана Түштүк Азия долбоорун ишке ашыруу пландалып жатат. Ал негизги үч тармак аркылуу жүрөт:

-Сапаттуу интернет байланышын республика боюнча жеткирүү;

-Бирдиктүү санариптик платформаларды ишке киргизүү;

-Тиешелүү мыйзамдык базаны түзүү;

Ошону менен «Түндүк» системасын ишкке ашыруу аркылуу аймактык жана улуттук борборду куруу.

Мунун  алкагында быйыл айыл-кыштактарда технологиялык кызматтарды көрсөтүү жогорку деңгээлге чыгышы керек. Бул жаатта «Жогорку технологиялар паркы» мамлекеттик ишканасына конкреттүү тапшырмалар коюлганын мекеменин жетекчиси Алтынбек Исмаилов айтты.

Президент бизге талап койду. Заманбап технологияны айылдарга жеткирүүдө биз лидер болушубуз керек. Санариптешкен технология жана кызматтар ар бир кыштактын жашоочусу сезгендей болуусу зарыл. Андай жыйынттыкка жетүү үчүн дүйнөдө тренд болгон технология жөнүндө билишибиз керек. Бул багытта толук кандуу иш алып барылууда.

Анткен менен дагы да болсо мамлекеттик мекемелердин сайттары кайсы бир жетекчинин пиар компаниясына айланганын экс-президент Роза Отунбаева белгилейт. Ошондуктан жетекчилерди көңүл бурууга чакырып, элге пайдалуу боло турган ыкмага өтүүнү сунуштады.

Мамлекеттик органдар кандай кызматтарды көрсөтүп жатканын билүү үчүн албетте дароо сайтарына баш багасың. Урматтуу министрлер сиздер караган органдардын сайтына кирип көргүлөчү. Ал жердеги маалыматтар 14 же 15-январдагы боюнча  турат. Ал жерде жетекчиңерди пиар кылган материалдарды көрүүгө болот. Бирок жарандарга эң зарыл болгон кызматтар жөнүндө сөз жок.

Эми кабыл алынган санариптик трансфармациянын алкагында  программалык иштер жүзөгө ашырылат. Ал үчүн адистер дагы бар экенин Дастан Догоев айтууда. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын ичинде IT кызматтарды көрсөткөн  41 компаниянын продукциясынын дээрлик 80 пайызы АКШга сатылып келет.

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM