Биз менен байланышыңыз

Нурдинова: Органикалык айыл чарба менен дүйнөгө таанылсак болот

Маек | 30 Сен 2021 | 3202 | 0

Бишкек шаарында эртең, 1-октябрда биринчи жолу органикалык азыктардын жарманке өтөт. Ага өлкөнүн аймактарындагы дыйкан жана фермерлер катышып, өздөрүнүн азык-түлүктөрүн коюшту. Жармаңкенин уюштуруучулары бул көргөзмө аркылуу табигый, таза азык-түлүктөр тармагын базар шартында өнүктүрүүнү жана ага карата элдин, чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн бурууну көздөшүүдө. Жарманке тууралуу Органикалык айыл чарба департаментинин Органикалык айыл чарбасын контролдоо жана сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Жыпаркүл Нурдинова менен маек курдук.

— Айыл чарба министрлигинин деңгээлинде биринчи жолу органикалык азыктардын жарманкеси өтүп жатыптыр, көргөзмөнү уюштуруунун негизги максаты кандай?

—1-2-3- октябрь күндөрү Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги биринчи жолу өзүнүн короосунда «Органик Экспо 2021» аталышындагы көргөзмө уюштуруп жатабыз. Кыргызстанда 2017-жылы органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча концепция кабыл алынган. Андан кийин 2019-жылы «Органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө» мыйзам кабыл алынды. Ошол эле жылы Органикалык айыл чарба департаменти түзүлдү. Ага чейин деле органикалык азыктарды өнүктүрүү боюнча фермерлер, кооперативдер иштеп келген. Бул эми биринчи жолу министрликтин деңгээлинде уюштурулуп жаткан көргөзмө. Анда табигый, таза азык-түлүктөр тармагын базар шартында өнүктүрүүнү жана ага карата элдин, чет өлкөлүктөрдүн көңүлүн бурууну көздөп жатабыз. Дагы бир максаты органикалык азык экенин тастыктаган сертификат берүүчү чет элдик жана жергиликтүү (жакынкы аралыкта) органдын өкүлдөрү менен биздин органикалык азык өндүрүүчүлөрдүн байланышын түзүү. Белгилей кетсем, Кореянын КОЙКА эл аралык кызматташтык агенттигинин «Кыргызстанда Органикалык айыл чарба саясатын ишке ашырууну колдоо жана дыйкандардын потенциалын жогорулатуу» долбоору бул иш-чарага чоң салымын кошууда.

— Жарманкеге кимдер катышат жана кандай азыктарды сунушташат?

— Көргөзмөгө органикалык айыл чарбасы боюнча иш алып барган жети дубандагы активдүү дыйкандар катышат. Андан сырткары 2019-жылдан бери жери, суусу таза, тоо этегинде жайгашкан азыгы таза дыйкандардын бардыгын каттоого алганбыз. Ошондой эле 115 пилоттук чарбабыз бар, ошол чарбалардын дыйкандары катышат. BIO-KG органикалык кыймыл федерациясынын өзүнүн 13 органикалык аймагы бар, ошол аймактын азыктарын алып келип коюшат. Мындан сырткары эл аралык сертификат алган фермерлер да катышат.

— Кыргызстанда өндүрүлгөн азыктардын канча пайызы органикалык болуп эсептелинет?

 Органикалык фермер дыйкандардын барынын жеринин аянтын эсепке алабыз. Ошондо пайыз менен эсептегенде Кыргызстанда 1 млн 230 миң айдоо аянты болсо, алардын 31 миңине фермерлер органикалык жол менен азык-түлүктөрдү өстүрүп жатышат. Жыйынтыгында бизде айдоо аянттарынын 2%ы органикалык азыктарды өстүрүүчү аянттар  деп эсептедик. Алдыңкы жылдары органикалык азык-түлүктөрдү өстүрүү боюнча 5-10 жылдык программа иштелип чыгып жатат. Ошол жылдар аралыгында 5%дан 10%га чейин айдоо жерлерин көбөйтүүгө аракет кылабыз.

— Органикалык азыктардын келечегин кандай көрүп жатасыздар, алдыда аларга болгон талап кандай өсүшү мүмкүн?

— «Органикалык өндүрүш жөнүндө» мыйзамдын кабыл алуунун маңызы да ушунда. Себеби, дүйнө жүзүндө органика деген брендге айланды. Адам баласы органикалык азык ден соолук, экологияны коргоо экендигин түшүндү. Органикалык азык менен жашоо керемет экендигин түшүнүштү. Себеби, ал жерде адилеттүүлүк бар, камкордук жана экологияны сактоо бар. Эң негизгиси адам баласына маанилүү болгон ден соолукту коргойт. Кыргызстан органикага аябай жакынбыз, анткени бизде өндүрүштөрдү бузган чоң завод-фабрикалар жок. Өзүбүздүн жаратылышыбыздын, суубуздун тазалыгы органикалык азыктарды өндүрүүгө өтүүнүн эң чоң потенциалы.

— Маегиңиз үчүн рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM