Биз менен байланышыңыз

Өкмөт аймактардан келген 7 бизнес долбоорго жеңилдетилген насыя берет

Кыска кабар | 1 Ноя 2019 | 783 | 0

Өкмөт аймактардан келген жети бизнес долбоорго жылдык 6% менен 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берет. Долбоор Президенттин Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Өкмөт тарабынан бизнести колдоо аркылуу аймактарды өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун алкагында каржыланат. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда Сынак комиссиясынын кароосуна Ысык-Көл, Нарын облустарынан жана Ош шаарынан 18 бизнес долбоор сунушталган.

Талкуулардын жыйынтыгы боюнча 7 долбоор жактырылды. Жакынкы убактарда, Финансы министрлиги документтерди изилдеп чыккан соң алар боюнча каржылоо башталат. Тандоо критерийлерине дал келбестигине байланыштуу дагы 7 долбоор толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлдү.

Сынак комиссиясынын кийинки жыйыны келерки жумада өтөт. Комиссиянын мүчөлөрү өлкөнүн бардык облустарында 100 жакын долбоорду карап чыгууга ниеттенүүдө, анын ичинде бүгүнкү күнү толуктап иштеп чыгууга жөнөтүлгөн долбоорлор бар.

Copyright © 2017 Maral FM