Биз менен байланышыңыз

Чиновниктер «уктап жатса», санариптештирүүнү ким жасайт?

Саясат | 23 Апр 2019 | 1152 | 0

22-апрель күнү Ош шаарында президенттин катышуусундагы санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган форум болуп өттү. Бирок, коомчулукта ал жакта айтылган сөздөрдөн да, жыйында уктап калган аткаминерлер көбүрөөк талкууга алынууда. «Президенттин өзүнүн катышуусундагы маанилүү жыйында уктап калгандар, өлкөдө санарипти кантип орнотмок эле?» — деп сындагандар четтен табылат. Ошол эле учурда адамдык факторго байланыштырып, «уктап калуу толук мүмкүн» деп алардын таламын талашкандар да  болду.

«Санарип технологиялары бизге аба менен суудай зарыл. Мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, коом муну түшүнүшү керек. Ансыз өлкө өнүкпөйт»,- деп президент Сооронбай Жээнбеков баса белгилегени менен, «бул сөздү көпчүлүк эле түшүнө берген жок», — дейт социалдык тармактардын колдонуучулары. Айрым серепчилер: «Айтылган сөздүн төркүнүн түшүнүү үчүн ага кызыгуу керек, а түшүнбөгөндөр үчүн мындай жыйындарда уктап калуу нормалдуу көрүнүш», — деп сыпатташат.

Мындан улам, биз жыйында уктап калгандардын катарында жүргөн Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровго байланышып, комментарий алууга аракет кылдык. Өкмөттүн өкүлү ал жыйында уктабай эле, кагаз окуп жатканын айтуу менен жыйындын чындыгында аймактарды өнүктүрүүдө жана санариптештирүүдө  маанилүү экенин белгилеп, буларга токтолду:

— Мен ойлойм, бардык эле жетекчилер бул маселенин маанилүүлүгүн билип, түшүнүп турат. Санариптештирүү дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесс. Аны ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алат. Башкы маани — билүү эмес, ишке ашыруу.

Буга чейин эле мурдагы президент Роза Отунбаева да санариптештирүүнү аймактарда ишке ашырууга милдеттендирилген аким, губернаторлор өздөрү жакшы түшүнө албай тургандыгын «Азаттыкка» берген маегинде да айткан эле.

— Санариптештирүү дегенге биздин губернаторлордун, акимдердин тиши өтпөйт. Алар санариптештирүү деген эмне экенин, эмне берерин, пайдасын, аны кантип өздөштүрүү керектигин билеби? Биринчи вице-премьер-министр жооптуу деп айтышат. Бирок мен муну менен ким алектене турганын таба алган жокмун. Бул маселе эч кимди кызыктырбайт экен.

Роза Отунбаеванын пикирин кубаттаган айрым серепчилер санариптештирүүнү ишке ашырууга милдеттендирилгендер бул чөйрөдөн алыс адамдар деп сындашат. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин  мурдагы жетекчиси Эсенкул Момункулов маселенин төркүнүн түшүнмөйүнчө, жыйындарда мындай абал кайталана берет дейт.

— Санариптештирүүнү жакшылап түшүндүрүү керек деп ойлойм. Анткени, адам түшүнбөгөн нерсесине кызыкпайт жана ишке ашыргысы келбейт. Анын кесепетинен ар кандай кырдаал жаралат. Ошондуктан, биринчиден бул санариптештирүүнүн элге, өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон пайдасын түшүндүрүү зарыл. 

Деген менен мурдагы депутат, мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча серепчи Алишер Мамасалиев жыйында уктап калгандарды сындагандарга кошулбайт. Ал майда көрүнүштү саясатка айлантуудан оолак болуп, маселени башка тарабынан карап көрүүгө чакырат.

— Кантип тартылганы белгисиз. Кээ бир адамдар жыйындарга чарчап келет. Маселен, мен билгенден бир аял өзү дарыгер экен. Таңкы төрттө операциядан чыгып, жыйынга келиптир. Бул бир эле кишинин мисалы. Башкаларда да мындай абал болушу мүмкүн. Майда нерседен саясат жасабоо керек. Атайын аңдып отуруп тартып алгандардан, «Эмне максатта тарттыңар?» — деп да сураш керек. Билбей туруп айыптоодон алысмын.

Copyright © 2017 Maral FM