Биз менен байланышыңыз

Медицина санариптешип, Тез жардам онлайн иштеп баштайт

Ден соолук | 7 Июн 2019 | 1380 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылына карата жасалып жаткан иштери тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Алардын айтымында, мындан ары республикадагы бардык медициналык мекемелер интернет менен камсыз кылынат. Ошондой эле, «Тез жардам» кызматын заманбап технологиянын жардамы менен чакырып, же врачка көрүнүү үчүн электрондук кезекке жазылса болот.

Тоң райондук Үй-бүлөлүк медициналык борборунун директору Жыпара Сансызбаеванын айтымында, санариптик негизде медициналык кызмат көрсөтүү бир топ жеңилдиктерди жаратат. Себеби, электрондук маалымат системасы киргенден бери убаракерчиликтер кыйла жоюлду. Деген менен бул жаатта маселе толугу менен чечиле электигин айтып, системанын оош-кыйыш жагдайларына токтолду:

— Маалымат базасы жеңилдик берет. Мурда маалыматты текшериш үчүн операторго чалып, ал аркылуу ишке ашчу. Азыр ар бир ҮДТдан базаны өздөрү ачып, текшере алышат. Эгер каттоодон чыгыш керек болсо, өздөрү чыга алышат. А бирок электрондук системага өткөнүбүз менен кээде мурдагыдай кагаз жүзүндө да иштөөгө туура келүүдө. Анткени, айрым ҮДТларда компьютер жок. Буйруса, министрдин буйругу менен ишке ашат деген ойдобуз. Андан кийин кызматкерлерди окутуу жагы да каралып жатат.

Электрондук дарт баяны киргизилген маалымат системасы 35тен ашык медициналык мекемеде иштеп жатканын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев билдирди. Ал эми Улуттук онкология борборунда жана Республикалык инфекциялык ооруканасында, Кара-Суу районундагы Балдар ооруканасында да медициналык маалымат системасын киргизүү иштери аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, өлкөнүн түндүк аймактарын санариптештирүү үчүн тендер жүрүп жатат.

— Учурда Талас, Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарын толугу менен бул режимге өткөрүү мерчемделип жатат. Атап айтсак, Ысык-Көл облусунун Тоң, Түп, Жети-Өгүз райондорунда жана Бишкек шаарындагы № 4, №8 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда «Врачка электрондук жазылуу» жана «Амбулатордук электрондук карта» маалымат системасы иштеп баштады. 2019-жылдын аягына чейин аталган системаны Бишкек шаарына жана Чүй облусунун үч районундагы медициналык мекемелерге этап менен киргизүү жана бул багытта окутуу каралып жатат.

«Жыл башынан бери 2 миңдей медициналык кызматкер атайын окутуулардан өттү», — деп билдирди Саламаттыкты сактоонун электрондук борборунун директорунун орун басары Бактыяр Станбеков. Анын айтымында, өлкө медицинасын санариптештирүү үчүн 9 миңдей компьтер бар. Дагы 5 миңдей компьютер  жетишсиз. Швейцария улуттук банкынын «Өнүктүрүү жана кызматташуу» долбоорунун жардамы менен 700гө жакын компьютер жана медициналык шаймандарды алышканын кошумчалап, төмөнкүлөрдү билдирди:

— 2018-жылдын аягында «Тез жардам» медициналык борбору автоматташтырылган системасын киргизди. Ал жерде геолокациялык карта бар. «Тез жардам» унаасы кайсы жерде жүргөнүн бул система аркылуу картадан тактап алса болот.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү Бактыгүл Жумакованын пикиринде, министрлик азыркы курамы менен бул долбоорду ишке ашырышы күмөн. Себеби, мерчемделген иштер өтө жай жүрүп, бөлүнгөн каражаттар максатсыз колдонулууда.

— Министрдин, Өкмөттүн кемчилиги деп айта алам. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн сабаттуу кадрлар керек. «Тааныш-билиш, куда-сөөк» системасы менен алыска бара албайбыз. Аткарылды деп жаткан иштер — пилоттук долбоорлор.

Эскерте кетсек, медицинаны санариптештирүү аракети 2017-жылдан бери жасалып келет.

Чыңгызхан КОЖОШОВ 

Copyright © 2017 Maral FM