Биз менен байланышыңыз

Трамп оппозиция лидеринин иш сапарын токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2019 | 599 | 0

АКШ Конгрессинин спикери, оппозициялык Демократиялык партиясынан депутат Ненси Пелоси Ооганстанга, артынан Брюсселге жумушчу иш сапары менен бармак. Бирок жолго чыгууга бир саат калганда президент Дональд Трамптан Твиттер аркылуу кат келди. Анда: «Мамлекет оор кырдаалда турганда өлкөдө калып, мени менен  Күчтүү чек ара коопсуздугу кыймылына катышып, өкмөттүн иш таштоосун токтотууңузду туура көрөм»,-деген.

Спикердин сапарына колдонулуучу аскердик учакты берүүдөн баш тартуу менен сапарды токтоткон Трамп, Пелосиге коммерциялык учактар менен барса болорун кошумчалаган.

Президенттин бул кадамы парламенттеги көпчүлүктү кыжырдантты. Кээ бири мамлекет башчылык макамга шек келтирди десе, башкасы орунсуз саясат дешүүдө.

Эске салсак, Дональд Трамптын Мексика менен чек арага бетон же темир дубал тосуу долбоору үчүн парламент каражат бөлүүдөн баш тартканына байланыштуу 2019-жылдын бюджети кабыл алынбай турат. Мындан улам өкмөт иш таштап,  катар министрликтер 27 күндөн бери иштебей, жабык турат. Бул Американын тарыхындагы эң узак иш таштоо же «шатдаун» болуп калды.

 

Copyright © 2017 Maral FM