Биз менен байланышыңыз

Саадалиев: Дача-СУнун статусу комплекстүү чечилиши керек

Күн чекит | 16 Янв 2019 | 749 | 0

Дача-СУдагы каргашалуу окуяга быйыл эки жыл болду. Кырсыктын кесепетинен курман болгондор бүгүн эскерилип, аларга багыштап Куран окулду. Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт өкүлдөрү, президенттик аппараттан жана эл өкүлдөрү катышып, элдин ушул күнгө чечилбей келе жаткан көйгөйлөрүн да угушту. Бүгүнкү күнү бул аймакта канча түтүн жашап жатат жана жашоочуларга берилген убадалар аткарылдыбы? Бул  тууралуу Сокулук районуну акиминин биринчи орун басары Улан Саадалиев «Күн чекит» программасында айтып берди.

Марал: Дача-СУдагы учак кырсыгынын катталганына туура эки жыл өттү. Бул аралыкта кандай өзгөрүү болду?

Саадалиев: Бүгүн, 16-январь Дача-СУдагы учак кырсыгы эскерилди. Кайтыш болгондорго куран окулду. Айтып кетчү нерсе ал жерге тийиштүү иш-чаралар биз тараптан жүргүзүлгөн. Жол, суу жана электр чубалгылары калыбына келтирилген. Албетте, жолдорго асфальт төшөлгөн жок. Бирок шагыл төктүргөнбүз. Эл жолдор оңдолгон эмес дегени чындыкка дал келбейт. Балким жаан агызып кеткен болушу мүмкүн. Суу маселесине келсек, жайкысын ар бир короодон суу чыгат. Ал эми кышында ар бир көчөдө суу түтүктөрү бар.

Марал: Бүгүнкү күнү бул дачада канча түтүн жашап жатат? Алардын кайсы чечилбей жатат деген көйгөйлөрү калды?

Саадалиев: Азыркы тапта Дача-СУда 150дөн ашык түтүн бар. Бирок кырсык болгондон бери турак-үй салууга суруксат берилбей калган. Ошол кезде бар гана үйлөр калтырылды. Бирок күнүмдүк жашоо турмушка керектүү шарттар түзүлүп берилген. Ошондуктан мен ойлойм биз тараптан колдон келген көмөк көрсөтүлүп жатат.

Марал: Ал эми Дача-СУга статус берүү маселеси эмне болду? Эки жылда бул маселе көтөрүлдүбү?

Саадалиев: Бул маселе комплекстик негизде каралып жатат. Өзүңүздөр билгендей ар бир ведомство өз корутундусун бериши керек. Ошонун жыйынтыгында гана айтпасак азыр эч нерсе деп айта албайм. Бул жердин  «дача» деген гана статусу бар.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM