Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев: Илимпоздор пайдаланылбай, көп ката кетүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 805 | 0

Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде мурда илимпоздор өлкөнү өнүгүүгө сүйрөгөн локомотив болуп турса да, өкмөт алардын ою менен эсептешпей жатканын билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан илимпоздорду пайдалана албай жатат. Алар коомго тартылып, өкмөткө аралаштырылбай жаткандыктан, көп ката кетип, план-долбоорлор супсак болууда.

«Мугалимдин, билим берүү жана илим изилдөөнүн сутатусу түшүп кетти. СССР убагында мугалимдер айылдын элитасы болчу. Азыр элита дегенде кимди ойлойбуз? Илимпоздор, чыгармачыл инсандар элита катары каралбай калды. Мындан сырткары, Жогорку аттестациялык кеңешке сунуш берүү татаал. Илимди баалаган орган болгондуктан, Билим берүү министрлигинен бөлүнүп турат. Билимди баалоону университеттерге ыйгарсак болот, бирок коррупциялык көрүнүштөр чочутат», — дейт Бейшеналиев.

Ал мындан сырткары, коомчулукту билим берүү тармагын саясатташтырбоого чакырды.

«Шайлоо убагында депутаттардын баары Билим берүү жана илим министрлигине кызыкдар болот. Баары мектеп директорлугуна тааныштарын дайындоону самашат. Мугалимдердин маянасы аз болуп жатат. Ата-энелер аларды коркутууга да жетишип калды. Окуучуларга, үй-бүлөгө мугалимдердин ордун түшүндүрүшүбүз керек», — дейт Бейшеналиев.

Бейшеналиев буга кошумча жеке менчик мектептер ийкемдүү келгендиктен, билим берүү системасына жаңы системаларды алып келерин, ата-энелерге тандоо мүмкүнчүлүгүн сунарын белгилеп, Кыргызстанда мындай билим берүү мекемелеринин саны аздык кыларын айтып өттү.

Copyright © 2017 Maral FM