Биз менен байланышыңыз

Баткен облусуна өзгөчө макам бергенден эмне өзгөрөт?

Коом , Кыска кабар | 5 мая 2021 | 2669 | 0

Өкмөт Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн натыйжалуу шарттарды түзүү зарылдыгынан улам өзгөчө макам берүү чечимин кабыл алып, «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзамын коомдук талкууга чыгарды. Бул мыйзам Президенттин тапшырмасынын негизинде иштелип чыккан. Өзгөчө макамдын кандай артыкчылыктары бар? Бул чечим боюнча эл өкүлдөрү, коомдук ишмерлер кандай ойдо? 

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде «Баткен облусунун макамы жөнүндө» мыйзам долбоору Өкмөттүн расмий сайты аркылуу коомдук талкууга коюлду.

Коомчулуктан түшкөн сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзам долбоор 3-майда толукталып иштелип чыгып, жактырылган. Андан кийин Жогорку Кеңеште кезексиз тартипте киргизилген. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов Баткендеги Көк-Таш айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдирди.

«Тийиштүү чечимге мен кол коюп, парламенттин кароосуна жөнөттүк. Ал кабыл алынган соң, Баткен облусу өзгөчө макамга ээ болот, анда салык жеңилдиктери да каралат. Негизинен эле элге жумуш берүү, майда, кичи ишканаларды өнүктүрүп, жергиликтүү тургундар бир аз болсо дагы айлык алып жашоо деңгээли көтөрүлүшү керек», — деди Өкмөт башчы.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев аталган мыйзам парламентке келип түшкөнү боюнча маалыматы жоктугун, мыйзам долбоору менен тааныша электигин айтты. Нурбаевдин пикиринде, Баткенге өзгөчө макам берип, акча бөлүү зарыл.

«Мен ал мыйзам боюнча маалымат каражаттарынан эле окудум, бирок бизге келгенин көрө элекмин, тааныша элекмин да. Албетте Баткенге статус берилип, каралышы керек. Эң биринчиден, статус берилгенден кийин акча каражаты бөлүнүшү керек. Андан кийин Баткен облусунун губернаторуна Баткендеги жетекчилерди жумушка коюуда, алууда толук ыйгарым укук берилиши керек. Ошондой эле децентрализация саясаты жүрүшү керек жана облусту өнүктүрүүгө климат киргизсе, бул климатты жакшыртууга шарт түзүлүшү керек», — деди Нурбаев.

Бул мыйзам мурунтан бери көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келгенин коомдук ишмер Ашырбай Жусупов билдирди. Анын айтымында, макам киргизилери менен облус жетекчисинин ыйгарым укуктары күчтөндүрүлүп, көз карандысыз ыкчам чечимдерди кабыл алууга шарт түзүлөт. Азыркы жетекчи бийликте отургандарга көз каранды болуп, эч кандай чечим кабыл ала албайт. Мындан улам чек ара чатагында чечкиндүү кадамдарга барбай, Баткендин эли азыркы кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Эгерде өзгөчө макам берилсе, көп көйгөйлөр чечилип, артыкчылыктар кыйла көбөймөк.

Ашырбай Жусупов

«Бул статус негизинен өзгөчө кырдаалда, аскердик кагылышууларда губернатор чечкиндүү кадамдарга барып, ыкчам чечим кабыл алганга керек. Себеби дегенде, кечээки болгон чек арадагы жаңжалда эл губернаторду күттү, бирок эки күн бою эч кандай чечим кабыл алынган жок. Демек өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү бийликтен кайрылуу келсе гана ошону эле аткарат. Андан кийин сөзсүз түрдө облустун өзүнүн бюджети, планы болушу зарыл. Төлөнгөн салыктар эки жакка бөлүнбөй, жергиликтүү бюджетте калат», — деди Жусупов.

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу Баткенде өтө көп маселе бар экенин маалымдады. Анын айтымында, биринчиден, кыргыз чек арачылардын даярдыгы өтө аз болгондуктан, аларды күчтөндүрүп, курал-жарак берип, атайын окутуудан өткөрүү керек. Мындан тышкары жергиликтүү калкка экономикалык жана социалдык жактан жардам көрсөтүп, инфраструктураны өнүктүрүү зарыл. Нур уулу мыйзам кабыл алынса, жогоруда аталган көйгөйлөр чечилерин кошумчалады.

«Азыр чек арада жашаган калкка жергиликтүү бийликтен жана мамлекеттен жардам, колдоо керек. Эл көчүп кетип калбашы үчүн аларга жардам берип кармап калуу керек. Андан кийин чек арачыларды күчтөндүрүп, окутуудан өткөрүп, чек арага курал-жарак менен тургузуп коюу керек. Мындан тышкары жергиликтүү тургундарга социалдык-экономикалык жактан жардам берип, жеңилдиктер каралышы керек. Ошондо гана миграция токтоп, жаштарга шарт, жумуш орундар түзүлүп, аймак өнүгөт», — деди Нур уулу.

Белгилей кетсек, Баткен облусуна өзгөчө макам берилсе, мыйзам долбоору боюнча Өкмөттүн Баткендеги өкүлүнүн ыйгарым укуктары күчтөндүрүлөт. Аны менен бирге аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзүлөт. Тагыраагы, жеңилдетилген каржылоо механизми иштелип чыгат, облусту өнүктүрүүнүн бюджетин уюштуруунун өзгөчө тартиби, Өкмөт тарабынан мамлекеттик кепилдиктерди караган өзгөчө салык режими жана өзгөчө инвестициялык режим киргизилет. Товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну ишке ашыруунун өзгөчө режими жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык тейлөө көрсөтүү боюнча өзгөчө жеңилдетилген режимдер ишке ашат.

Copyright © 2017 Maral FM