Биз менен байланышыңыз

Ооганстандык «Жастин Трюдо»

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 708 | 0

Ооганстандык Абдул Салам Мафтун кыска убакытта социалдык желелердин «жылдызына» айланды. Ал Ооганстандагы таланттар сынагына ырдап катышкан. Бирок аны өзгөчө кылган үнү же таланты эмес, дүйнөнүн алдынкы лидерлеринен болгон Канаданын премьер-министри Жастин Трюдого куюп койгондой окшош жүзү болду.

Сынактын калысы, продюссер Кайс Улфат: «Абдул Салам алгач чынакка келгенде аны бирөөгө окшоттум. Бирок кимге экенин так элестете албадым. Бара-бара эсиме түштү. Ал премьер Трюдого аябай окшош экен»,-деди.

Эми сынактын көрүүчүлөрү жана социалдык желедегилер Абдул Саламды «Ооган Трюдо» деп атап алышты. Ал өзү Бадахшандан болот. Аймактагы тойлордо ырдап жүрөт. Аталган сынакта да алдыңкы катышуучулардын бири.

«Башында мени «Мафтун» деп эле атап жатышкан. Кийин «Ооган Трюдо» деген ат пайда болгондон тарта сынакта мага башкача образ жаралды»,-дейт өзү.

Кошумчаласак, согуш оту очпөгөн Бадахшандан чыккан 29 жаштагы жигитти интернет беттеринде «Жастин Трюдонун жоголгон эгизи табылды» деген азил менен жарыялашууда.

Copyright © 2017 Maral FM