Биз менен байланышыңыз

Коомчулукту кызыктырган Путиндин жеке жашоосу

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 716 | 0

«Орусия президенти Владимир Путин көп окуйт. Анын кырдаалга жараша таамай, образдуу жана ыкчам жоопторду бере билүүсү ушундан болуусу ыктымал. Анын чечендикке үйрөткөн мугалими жок. Болгон болсо да мен уккан эмесмин».

Мындай пикирин анын маалымат катчысы Дмитрий Песков «Аргументы и факты» басылмасына берген маегинде билдирди.

Ал президенттин кээ бир объекттерди анын атынан атоону такыр жактырбасын айтты.

«Путин сөгүнөбү?»,-деген суроого жооп берүүдөн баш тартып, кадимки адам сыяктуу эле жагымсыз абалдарга өзүнүн эмоциясын билдирерин кошумчалады.

Ал эми анын бойдокчулугу президенттик кызматына таасир этип-этпесин сурашканда, «Путин үйлөнүү тууралуу көп деле ойлонбосо керек»,- деди. Анткени анын жашоосунда дем алыш, иш күнү деген бөлүү жок. Шартка жараша дем алыш күндөрү да Кремлде болорун айтты. Анткени мамлекетти башкаруу-мештеги отту өчүрбөй күнү-түнү жагып турууга окшош экенин баса белгиледи.

«Өзгөчө, кечки 22:00-23:00 дө Путин кызуу жумуш үстүндө болорун билгиле»,-деди Песков.

Кошумчалай кетсек, Путиндин жеке жашоосуна кызыккандар дүйнөдө арбын экени маалым. Бул анын акыркы берген маалымат жыйынында да байкалды.  Ага үйлөнүү планы тууралуу сурашканда, бул тууралуу ойлоно электигин, бирок ар-намыстуу адам катары үй-бүлөө куруусу керек экенин айткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM