Биз менен байланышыңыз

Саркулов: Айып пулдар бюджетти толтуруу үчүн салынбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2019 | 759 | 0

Жаңы күчүнө кирген «Бузуулар жөнүндө кодексинин» 14 беренесине өзгөртүү жана толуктоолор киргизилүүдө. Аталган кодекстеги  жол эрежесине байланыштуу 8 беренеге дагы толуктоолор кирип жатат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал жаңы кабыл алынган мыйзамдар өлкөнүн бардык аймагына таандык экенин маалымдады.

«Айып пулду ыктыярдуу төлөөгө 1 ай убакыт берилет. Андан соң туум жазылып баштайт. Туум айып пулдун суммасына жеткенде токтотулат. Айыптуу анда дагы айып пулду төлөбөсө ишти соттук аткаруучуларга өткөрүп беребиз. Алар милдеттүү түрдө өндүрүшөт. Айдоочу юридикалык жактын кызыкчылыгы үчүн жол эрежесин бузса юридикалык айып пул салынат. Реформанын алкагында коррупцияга бөгөт койгон негиз бар. Себеби айдоочулук күбөлүк тартылып алынбайт. Эреже бузган айдоочу айып пулду төлөп же төлөбөгөнүн бирдиктүү реестерден карап алабыз», — дейт Саркулов.

Ал айып пулдар бюджетти толтуруу үчүн эмес, коопсуздукка келтирилген коркунучту азайтуу үчүн салынарын баса белгиледи.

«Бузуулар» кодексинин алкагында бюджетке канча айып пул түшөрүн айта албайбыз. Себеби бул пландуу экономика эмес. Айып пул дүйнөлүк тажрыйбада кырсыктарды жөнгө салууда негизги рычаг катары каралбайт. Бул анын бир бөлүгү болуп эсептелет. Айып пулдун жогорулашы менен коом тартипке келип, жоопкерчилик чечилип калат деген нерсе — жаңылыш маселе. Тагыраагы, айыптар тартипти бузгандарга негизделген. Ал эми эреже бузбаган, мыйзамды сыйлаган адамдарга чара көрүү маселеси каралган эмес», — дейт Саркулов.

Ал буга кошумча, мыйзамда жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерге айып пул салуу каралган эместигин, мыйзамсыз иштери үчүн аларга тартиптик чара көрүлөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM