Биз менен байланышыңыз

Москвада кыргызстандыктарды тоноп жүрөт деген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 420 | 0

Москвада кыргызстандыктарды тоноп жүрөт деген кылмыштуу топтун мүчөлөрү жана анын башчысы кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын ИИМнин басма сөз кызматы кабарлады.

Милициянын маалыматы боюнча, бул топ кыргызстандыктардан акча талап кылып, Москва жана Москва облусунун аймагында ар кандай оор кылмыштарды жасап жүрүшкөн. Москва облусу боюнча криминалдык чөйрөдө «Кароочу» (смотрящий) аты менен 32 жаштагы Р.М. аттуу жаран башкарып келген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Кармалган жарандарга иш козголуп, Москва шаардык ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кармалган кылмыштуу топтун катышуучуларынын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы такталууда.

Аларды Минск конвенциясына ылайык, Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча маселе чечилип жатканы кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM