Биз менен байланышыңыз

Американы ким башкарат: Трамппы же Болтонбу?

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2019 | 547 | 0

Акыркы кездерде Американын эл аралык саясаттагы чуулуу кадамдары коомчулукта, өзгөчө америкалык басылмаларда Вашингтон кош бийликтин таасиринде иш алып барып жатканы тууралуу кептерге жем таштады. Алар Американын президенти Дональд Трамп менен анын коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун ортосундагы карама-каршы саясатты талкуулашууда.

Кытайдын Huawei компаниясынын ээсинин кызы, финансы менеджери Мэн Ванчжоунун  Жон Болтондун буйругу менен кармалышынан кабары жок президент Трамп Кытай жетекчиси Си Цзиньпин менен телефон аркылуу эки тараптуу достук, кызматташтык тууралуу сүйлөшкөн. Бул Кытайга карата шылдыңдоочу саясат катары бааланганы менен, көбүрөөк президент Трамптын аброюна шек келтиргени анык.

Ал эми декабрдын соңунда Трамп Сириядагы куралдуу күчтөрүн алып чыгып кетерин, жада калса чыга башташканын жарыялаган. Мунун артынан дароо Израилге, андан соң Туркияга барган Жон Болтон болсо, аскерлердин  Сириядан токтоосуз чыкпасын, ал үчүн бир нече шарттар аткарылуусу керектигин билдирди. Бул жагдай дүйнө коомчулугунда андан бетер дүрбөтүүчү күмөндөрдү жаратты.

Президент Трамп негизги душманы сыртта эмес, Ак уйдөгү «терең мамлекетти» (the deep state) куруп алгандар деп айтканын эске салган басылмалар, Жон Болтонду «президент Болтон» деп атап коюшту.

Буга чейин көптөгөн кызматкерлер кичине эле катасы үчүн администрациядан кетишкенине карабай, президент менен кайчы саясат жүргүзүп жаткан Болтонго эч нерсе болбой жатканы да шек жаратууда.

Кошумчалай кетсек, орус президенти Владимир Путин АКШ бийлиги тууралуу айтып жатып: «Мен алардын эл тандаган президенти менен да, экинчи жана үчүнчү президенттери менен да жолугуштум. Бирөө бирди айтса, экинчиси башканы айтат. Расмий президент өз каалаганын кыла албайт»,-дегени жогорудагы айың кептерге май тамызууда.

Copyright © 2017 Maral FM